Айыл турмушу: Ноокаттыктар көзү азиз айылдашына 1,2 млн сомдук үй куруп беришти (фото)

 Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылынын тургунуна айылдаштары 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Кирпичтен курулган үйгө 1 млн 200 миң сом сарпталган.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мариповдун айтымында, көзү азиз Ашим Маматов үйү жок болгондуктан аймактагы бош үйлөргө көчүп-конуп  жашап жүргөн. Анын бир туугандары жана балдары жок. Учурда жубайы менен жашайт.

Аймактык кабарчы билдиргендей, үй куруу иштерине жеке ишкер Тариел Каримов жана Жогорку Кеңештин депутаты, айыл өкмөт жардам көрсөттү. Учурда айыл өкмөттүн бюджетинен берилген 80 миң сомго электр мамыларын, эшик-терезелерин орнотуп, электр чубалгыларын тартуу жана үйдү пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери аткарылып жатат.

Бала кезинен көрүүсүнөн жабыркаган А.Маматов каражат таап, үй курууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Андан улам үй куруу демилгесин айылдыктар кеңешип, толугу менен колдоого алышкан.

Ошондой эле, Таластагы Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебин 2006-жылы аяктаган жигиттер эки балалуу жалгыз бой, майып энеге турак үй куруп беришкен.

Turmush 

09.08.2016

http://www.turmush.kg/news:307925?from=kgnews&place=kgturmush

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*