Ак-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехи ачылды

Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Кара-Жал айылынан маалымдашты.

Учурда Кара-Жал айылындагы кризистик борбордун имаратынын бир бөлмөсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар тигүүчү кесибин үйрөнүп жатат.

Тигүү цехи аймактагы «Бир бол» коомдук фондунун жардамы менен уюшулуп, ага 2 тигүү машинасы жана жип түргүч жабдык алынган. Цехте мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тигүүчү болуп иштеп, ошол эле учурда колу жөндөмдүү кыздарга тигүүчүлүктү үйрөтүшөт.

Кризистик борбордо учурда 5 адам мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешет. Борбор аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө дагы колдоо көрсөтөт.

Turmush 

09.08.2016

http://www.turmush.kg/news:308003

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*