10 жылдык. Бүтүрүүчүлөр Таласта эки балалуу майып аялга үй салып беришти

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришти

10 жылдык мааракени белгилөө үчүн жөн эле коромжу болчу каражатка балдар менен чогулуп, айылда батирден батирге көчүп-конуп жашап жүргөн эженин сообуна калууну чечишкен

Бүгүн даяр үйдүн ачкычы ээсине расмий тапшырылып, салтанатка райондун акими, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты

Жаңы үйгө ээ болгон II топтогу майып Акгүл Акматалиева бир уул менен бир кыздын энеси. Алган пенсиясы жападан жалгыз киреше булагы болуп келген.

 

Эки-үч күнгө созулган шатыра-шатман кеченин ордуна жардамга муктаж адамдар там-таштуу болушту.

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришти.

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришти10 жылдык мааракени белгилөө үчүн жөн эле коромжу болчу каражатка балдар менен чогулуп, айылда батирден батирге көчүп-конуп жашап жүргөн эженин сообуна калууну чечишкенБүгүн даяр үйдүн ачкычы ээсине расмий тапшырылып, салтанатка райондун акими, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катыштыЖаңы үйгө ээ болгон II топтогу майып Акгүл Акматалиева бир уул менен бир кыздын энеси. Алган пенсиясы жападан жалгыз киреше булагы болуп келген.

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришти
Бүтүрүүчүлөрдүн бири Таалай Жайыловдун айтымында, 10 жылдык мааракени белгилөө үчүн жөн эле коромжу болчу каражатка балдар менен чогулуп, айылда батирден батирге көчүп-конуп жашап жүргөн эженин сообуна калууну чечишкен.

“Кафеге деле ошончо каражат кетмек экен. Акчаны жөн эле сапырып жибергенден көрө Акгүл эжеге үй салып берели дедик. 11 бала болуп 150 миң сом акча чогулттук. Материалдарды сатып алып, курулуш иштерин өзүбүз жасадык. Апрелдин орто ченинде баштаганбыз, төрт айда бүттүк”, — деди ал.

Бүгүн даяр үйдүн ачкычы ээсине расмий тапшырылып, салтанатка райондун акими, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Баарыбыздын иштей турган кызматыбыз бар. Үйдү ишемби, жекшемби күндөрү гана келип салып жаттык”, — деди Жайылов.

Жаңы үйгө ээ болгон II топтогу майып Акгүл Акматалиева бир уул менен бир кыздын энеси. Алган пенсиясы жападан жалгыз киреше булагы болуп келген. Ал айылдаштарынын жасаган ишине терисине батпай сүйүнүп, кубанычтан көзүнө жаш алды.

Эскерте кетсек, буга чейин ушул эле Таласта жана Нарын облусунда да 10 жылдык, 20 жылдык кечелердин ордуна ата-энеси жок жашаган төрт бир тууганга там салып беришсе, дагы бирлери колунда жок үй-бүлөгө кыл куйрук сатып беришкен.

БИШКЕК — Sputnik
© ФОТО / ЭЛЬМИРА СУЙЮТБЕКОВА

06.08.2016

http://sputnik.kg/society/20160806/1028411331.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*