Жаштар арасындагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жаткан өзүн-өзү өлтүрүү, рекетчиликтин алдын алуу боюнча Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мадалиев Аллаяр ажы шаардын №26 Хамза атындагы орто мектебинин 9-10-классынын окуучулары менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда аталган тематиканын алкагында шаар хатиби кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, ата-энени урматтоо жөнүндө лекциясын окуду. Муну менен катар баш имам хатиб экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча да маселе кылып, ислам дини буга каршы экендигин айтып өттү. Ошондой эле окуучуларды ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга чакырып, алардын суроолоруна жооп берди.
fakt.kg
19.09.2016
http://fakt.kg/?p=19045
Leave a Reply