Депутат Дастан Бекешев улгайган жарандар да зордук-зомбулуктан коргоого муктаж экенин көтөрүп чыкты

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 30 жаштагы жарандын өз атасын зордуктоого шектелип жатканын мисал кылып, өлкөдө улгайган адамдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткандыгы боюнча маселеге токтолду. Жыйында жашы жете элек балдарга карата кылмыш кылгандарга жаза чарасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан.

Бекешевдин айтымында, аталган мыйзам долбоору жашы жете электердин гана укугун коргоону камтыбастан, улгайган жарандардын да укугун камтышы керек. “Мыйзам долбооруна “жашы жете электерге” деп эмес, “жардамга муктаждар үчүн” деп өзгөртүү киргизсек туура болмок. Себеби акыркы учурларда улгайган адамдардын зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканы аябай көп болууда”, – деди Бекешев.

21-09-2016
Автор: Жамалидин Парманкулов
http://www.super.kg/kabar/news/160679/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*