Үчүнчү класска чейин кадимкидей эле бала болчумун. Анан врачтар жүлүнүмөн шишик таап, операция жасамак болушту. Операциядан кийин буттарым баспай калды. Бул врачтардын каталыгы болду. Мен өчүп калдым. Мындан ары баса албай каларым менен келишүү өтө оор болду. Аябай мектепке баргым келчү. Бирок мени алып барар киши жок эле. Үйдө окудум. Мугалимдер үйгө келип турууга тийиш болчу. Эки гана мугалим келип жүрдү. Башка мугалимдер ар кандай себептер менен келишкен жок. Бирок мага аттестат беришти. Мени эң сонун бир адам менен – Айнура Телеушева менен тааныштырышты. Ал мени чөккөн абалыман тургузуп, жашоого кумарымды ойготуп, өзүмдү өзүм жакшы көрүүгө, башка түшкөндү кабыл алууга жардам берди. Мен ошондой эле ата-энеме да ыраазымын. Алара мага майып катары карашкан жок, баскан жолумду жумшактап, боор оорушканын көрсөткөн жок. Болгону колдоо гана жасашып, баарын өзүм аткарганга үйрөтүштү.
Мектепти бүткөн соң адамдарга оор абалдан чыгууга жардам берүү үчүн психологдун окуусуна баргым келди. Жалпы республикалык тестирлөөгө өз алдымча интернет боюнча даярдандым. Бирок окууга өтүүгө бир баллым жетпей калды. Билим берүү министрлигине кайрылсам, алар мага бюджетте окууга мүмкүнчүлүк берди. БГУнун күндүзгү бөлүмүнө өттүм. Деканатта мени сырттан окууга үгүттөштү. Бирок менин жакшы билим алгым келди. Анын үстүнө студенттик турмушту да көргүм келди. Ата-энем болсо эгер ушуну кааласаң, анда өзүңө гана ишен дешти. Мени күн сайын ким алып барат акууга? Баарынын өз иши бар. Ата-энем иштеши, бизди багышы керек.
Биринчи жылы окууга коомдук транспорт менен каттадым. Тактап айтсам, силер билесиңер биздлин маршруткалар кандай экенин. Күн сайын коляскам менен аялдамага жетип, андагы адамдардан мени маршруткага көтөрүп кирүүсүн суранам. Өзүмдүн арык, коляскамын кичинекей жана жеңил болгону да оңдой берди эле. Көп кишилер жини келип, эмне үйдө олтурбайсың деп урушушчу. Айрым айдоочулар да жинденип, мени салгысы келчү эмес, бирок айрымдары түшүнүү менен кабыл алчу. Коомдук транспортко түшүп-чыгуунун ар бир учуру өзүнчө бир чоң сыноо болчу. Эгер аялдамада жалгыз турсам автобустар токтобой эле өтүп кете берчү. Эл келишин саатап күтүп калган учурлар болчу. Бул өтө жаман эле, кечинде үйгө келип алып, ыйлачумун, бирок эртеси кайра эле туруп, жөнөп калаар элем. Мына ушундай өлөрман болчумун (күлөт).
Биздин сабактар 4-5-кабаттарда өтчү. Имараттын кире беришине мен үчүн пандус жасап коюшкан, бирок ал менин коляскама чак келбей калган. Күнүгө студенттерди мени 4-кабатка көтөрүрп чыгуусун, анан сабак бүткөндө кайра түшүрүүсүн суранчумун. 4 жыл бою ошенттим. Бул үчүн аларга абдан ыраазымын.
Экинчи курста ата-энем машина сатып берди. Машиналарды советтик мезгилде майыптар үчүн ылайыкташтырып жасаган карыяны таптык. Ал мага кол менен айдагыдай кылып жасап берди. Мени автомектепке албай коюшту, мени үйрөтүүгө инструкторубуз, машинабыз жок дешти, сен деги эле эмнеге келдиң, сага машина айдаганга болбойт дешти. Ошондуктан атам мага айдаганды өзү үйрөттү. Тез эле үйрөндүм, мурдатан эле машина айдам жүргөндөй сезип калдым өзүмдү. Андан соң айдоонун толук теориясын үйрөнүп чыктым. Күбөлүктү таптаза өз күчүм менен алдым, себеби аны мага акча үчүн эч ким сатмак эмес. МАИ да мага күбөлүк бергиси келген жок. Менин ката кетиришимди гана аңдып турушту. Мен мүмкүн болуучу бир гана ката кетирип, алар айдоо укугун берүүгө аргасыз болушту. Бирок андан кийин да мени оюмдан кайтууга үндөшүп, мораль окушту, акыр аягында менин автомобилимде бардык белгилер: колясканын, үйрөнчүктүн белгилери, “рулда аял” деген белги сөзсүз чапталып турушун эскертишти.
Машина менен, албетте, окууга баруу оңой болуп калды. Университетке келгенде группалаштарым күтүп алып, жүк салчу жердеги колясканы алып чыгышып, мени ага олтургузуп, алып жөнөшчү. Ошентип баарыбыз эшиктин алдына барып, мени аудиторияга көтөрүп чыгуу үчүн балдарды издечүбүз.
Дипломго мына ушинтип жеттим.
Эми жумуш издеп жатам. Мектепке социалдык кызматкер болуп орношоюн десем, коляскада олтурсаң балдарды кантип карайсың деп албай коюшту. Башка жерлерге да албай жатышат, негизги себеп офистердин жогорку кабаттарда жайгашканы.
“Билайндын” колл-борборуна кыргыз тилин билбегеним үчүн албай коюшту.
Албетте, иштеп, акча таап, азыраак көз каранды болгум келет.
Шаарда негизинен “Глобус” дүкөнүнө барам, алардын машина токтотчу атайын жайы, ыңгайлуу пандустары бар.. Киного курбуларым менен “Космопаркка” барам. Анда да коляскачандар үчүн шарттар бар. Андан башка жердин баары эле ыңгайсыз: арыктар, бордюрлар, кууш эшиктер. Бирөөнүн жардамы жок көп жерлерге: аптекаларга, дүкөндөргө, мамлекеттик мекемелерге кире албайсың. Менин коляскамын кичинекейлиги да жакшы, көп эшиктерге батып кетем.
Эгер шаарда коляскачандар үчүн шарттар болгондо мен бир топ эле өз алдымчараак болуп калмакмын.
Китеп окуп, социалдык тармактарга кирем. Биздин үйгө жакын жерде ат спортунун мектеби бар, кээде ошол жакка барам. Сууда сүзгөндү абдан каалайм, бирок шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди үйрөтөөр инструктор жок.
20.09.2016



Leave a Reply