Экономикалык зомбулук –негизги укуктарын колдонуудан баш тарттыруу, намысын тебелөө

Менин ата-энем 15 жашымда ажырашып кетишкен.  Өз күчүм менен БГУга  өттүм. Апам иштечү эмес, атам кеткенден кийин жарыбаган айлыкка иштеп баштады. Университетте окуп жүргөндө пирожки алып жегенге, жол киреге, кийимге акчам жок катуу кыйналдым. Атам жарытып деле акча берген жок. Кыйналып жүрүп окууну таштап, Казакстанга иштеп, жанымды багып  кеттим. 

28 жашымда Бишкеке кайтып келип сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыктым. Жолдошумдун атасынан калган үйүндө жашап калдык. Экөөбүз тең иштеп, алгачкы жылдары жакшы жашадык. Кыздуу болдуп, мен иштебей бала багып отуруп калдым. Балага памперс, кошумча тамак, кийим-кече, коляска, жөтөлүп калса дары-дармек, көзгө көрүнбөгөн майда чүйдө чыгымдар көп болот экен. Күйөөмдүн айлыгы жакшы, 3 адамды жакшы бакканга жетет. Бирок акчага сараң. Айлыгы дайыма банктын карточкасында. Биз жеген азыктар – арзан нан, макарон, картошка, пияз. Кез-кезде 1-2кг эт апкелет. Кир жууган самын, порошок, шампунь алыш үчүн 3 күн сүйлөшүүлөр жүрөт. Өзүм иштеп, ага көз каранды болбой оокат кылып кетейин десем балам жаш.

Мага үйүң кир, тамагыңдын даамы жок, кириң жуулбайт, акырын бас, акырын сүйлө деп айып такпайт. Керилген жигиттин гүлү. Билимдүү десең билимдүү, акылдуу десең акылдуу, токтоо, бардык нерсеге бышык ой жүгүртүп, ар тараптуу анализдеп жыйынтык чыгарат. Сыртынан караганда менин күйөөм болсо деп суктангыдай бар. Бирок мен дайыма каражаттан кыйналып жүрдүм. Ортодо 3 айдан эки жолу энемдикине ажырашам деп кетип калдым. Андан майнап чыкпады. Тескерисинче жайлуу, жылуу, жумшак үйүбүздү бирөөгө ижарага берип, өзүбүз арзан ижара чыга турган болдук. Акчасына бизнес кылам деди.  Мен каршы болсом “элдин аялдары бала чакасы менен эрин ээрчип, ысык суука чыдап, керек болсо күйөөсүн иштеп багып жүрүшөт” дейт.

Кийим кечени дээрлик алып бербейт. Бала бакчага акча төлөш тирүүнүн тозогу. Кызды бакчага алып келбе, кабыл албайм дегенге чейин барабыз. Күйөөмдүн мамилеси мага эле эмес, энесине да ошондой. Энесинен алса алат, бериш жок. Тууган-туушкан, дос-жар да күтпөйт.

Жашаган үйүбүздү сатып башка жерден үй алдык эле, энесинин атына жаздырды, мүлктөрүнүн баарын башкаларга каттайт. Көнүлүм катуу калды. Ата-энемден эч кандай мүлк мурас берилген эмес. Кайындарым жылаңач келгенсиң жылаңач жүрө бер дешет. Энем жашаган үй агама таандык. Кызым 5ке чыкканда ажырашып кеттим. Чыдабай калдым. Мындай адамды кандай түшүнүп, кандай мүнөздөмө берерди билбейм. Психикасы бузулганбы? Же аялды ушинтип башкарыш керек деген ою барбы? Же жөн эле ичи тар адамбы? Же мен туура эмес кылып атамбы? 

Психологдун кеңеши

Психолог Гулнур Жумалиеванын айтымында бирөө бардык каражатты жеке көзөмөлүнө алып, ал эми экинчи тарапка жөнөкөй жашоосуна акча жетпеген учур – үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук деп эсептелет. Жолдошун  психологиялык жактан инфантильдүү жана сараң адам катары бааласа болот. Инфантильдүү адам сырткы келбети канчалык чоңойсо дагы ички турушунда чоң адам катары өспөгөн абалда калат. Ал  өз үй-бүлөсү, ага-туугандары, ата-энеси үчүн жоопкерчилик албайт. Тескерисинче, ата-энеси же аялы багууга милдеттүү деп ойлойт. Элүүгө чыкса да энесинин пенсиясын карап отурган адамдар ушул категорияга кирет. Сараңдык сапатты үнөмдөөгө умтулуу деп акташат, бирок ал үй-бүлөөлүк чатактардын башталышы болот. Бул көрүнүш – экономикалык зомбулук.

Аялына мындай мамиле кылуу мыйзам боюнча төмөндөгүчө бааланат:  

  • аялдын кадыр баркын басынтуу;
  • аялынын негизги укуктарын чектөө;
  • аялдын кылган ишине эмес, инсандык сапатына баа берүү, башкалар менен салыштыруу;
  • аялынын, баласынын муктаждыктарын, кызыкчылыктарын өзү каалагандай чечүү;
  • аялына сарамжалдуу эмессиң деген шылтоо менен күнөө жабуу.

 

Экономикалык зомбулук кишинин жеке мейкиндигине кол салып, аны чектөөгө, баш ийдирүүгө болгон аракет. Муну кабыл алып, көнүп жашап жүргөн аялдар абдан көп. Барган сайын бул саздан чыга албай, муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алып калуу коркунучу бар. Жогорку окуяда, аялы убагында мындай мамилени зомбулук экенин түшүнбөсө дагы, кадыр баркы тебеленип, жеке мейкиндиги бузулуп атканын ички туюму менен сезип, мындай мамилеге макул болбой чечкиндүүлүк кылып, ажырашуу чечимин кабыл алган. 

***

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*