ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУКТУН КЕСЕПЕТИ

“Мен  бала кезимден шайдоот өскөн, чыйрак кыз болчумун. Мектепти бүтүп шаарга келип окуп, иштеп, турмуш күтүп, 2 балалуу болдук, ата-энемдин жардамы менен  шаардан 3 бөлмө квартира алдык. Кырсык  болуп күйөөмдөн ажырап калдым. Уул-кызым чоңоюп турмуш куруп кетишти. Арадан 15 жыл өтүп, 43 жашка келип калганда бактымды таптым окшойт, деп кубандым. Баскан турганы орундуу, сыпаа, билимдүү, колунда иши, оозунда сөзү бар киши сый-урмат менен колумду сурады. Экөөбүз бирге жашай баштадык. Квартирама каттап койдум. Никеге турдук. Туугандарды чакырып, чакан той бердик. Тойдун эртеси болду, бал айыбыз өттү. 

Элдин арасында отурганда мени чымчылап, “Асем (аты өзгөртүлдү) тамагың таттуу эмес, үйүң таза эмес” – деп какшыктап койчу болду. Мен арданып, ого бетер жакшы болууга аракет кылам. Жакшы көйнөгүмдү кийип көчөгө чыгайын десем, кайда барасын? Кимге жолугасың? Дүкөнгө да жасанып барасынбы? деген суроолорду берчү болду. Мени сүйөт ошон үчүн кызганып жатат деп жорудум.

Ата-энемдин телефон чалганы, үйгө келгени жакпай калды. “Алар сага жардам берди беле? Балдарыңды бакты беле? Карыганда эмне шаарга көп каттайт? деген суроолорду берди. Кой тынч жашайын, деп ата-энемди келтирбей койдум. 

Курбуларым жакпай баштады. Шаан-шөкөтүңөр көп экен, көп сүйлөшөт экенсиңер, күйөөсү жок аялдар сени бузат, деп кулагыма куя баштады. Кой, тынч жашайын, деп курбуларым менен катышпай калдым. 

Подьезддеги кошуна мени классташ деп тамашалап койчу. Ага бир күнү сырттан жолугуп, “Асем менин аялым! Үйдүн ээси менмин, мага айт сөзүңдү”, – деп кекетиптир. Киришпей калдык. 

Базарда соода кылчумун. Күйөөмө жагайын, идеалдуу аял болоюн, ал иштен келгенде тамак жасап, күтүп алайын деп бара бара ишимди таштадым.

Уул-кызым конокко келгенде, алардын көзүнчө – “Сен жиндисиңби? Эмне унутуп калдынбы?” “Жомокторду ойлоп чыкканга кыйынсың”, “Ой апаңар кечке үйдө телефон чукулап отурат” – деп кемсинткен сөздөрдү айта баштады. Мен ыза болуп, арданып түнү менен уктай албай  чыкчу болдум. Балдарым да сейрек келип калышты.

 Былтыркы карантин учурундагы мамилеси  сезимиме суу септи. Телефондон интернет аркылуу китеп окуганга, кино көргөнгө, жанылыктарды укканга,  курбуларым менен жазышканга  мүмкүндүк бербей,  акча төлөбөй, интернетти өчүрүп салчу болду.

  • Күйөөмө жагыш үчүн, макоо дебесин деп оюмду да ачык айта албай, өзүмө өзүм ишенбей баштадым. 
  • Өзүмдү күнөөкөр сезип, жалтактап, жагалданып  калдым.
  • Түнү менен уктабай, санаа тартып, ооруй баштадым.
  • Иштебей, финансылык жактан көз каранды болуп калдым.
  • Ата-энем, ага-туугандарым, курбуларым, балдарым менен катышпай, күйөөмдүн көзүн карап жалгыз калдым.

Психологдун кенеши

Психолог Гулнур Жумалиева Асемге төмөнкүдөй кеңеш берди:

Психологиялык зомбулук бир күндө эле өсүп чыга калбайт. Бул алгач көкөлөтө мактап, анан алдап, максатына жеткен соң,  бара-бара жемелеп, башкалардан бөлүп, инсанды баш ийдирип, эркин мокотуп, көз каранды кылуу үчүн үзгүлтүксүз, күндөн күнгө, акырындап, кылдаттык (методично) менен жасалган мамиле. 

Турмушуна камбыл, адамдык мамиледе тажрыйбалуу, кагылып-согулуп калгандар да адамдын ичинде катылып жаткан касиетин көрбөй калышы мүмкүн.  Психологияда  мындай адамдар абьюзер же нарцисс деп аталат. Өзүн башкалардан өөдө санап,  жүгүнтүп тургусу келген, жанындагыларды алдап-арбап ишенимге кирген, ошол эле учурда өзүнө өзү ишене албаган психикасы оорулуу адам. Мындай оорулуу адамдар абдан билимдүү, маданияттуу, ишке чебер, сөзгө чечен  болушу  да мүмкүн. 

  1. Эгерде бул каарман Асем күйөөсү менен мамилени оңдоп андан ары  өмүр сүрөм десе, мамилесин оңдоосун талап кылып, болбосо турмуш жаман жакка бурулаарын эскертиши абзел. Эгер күйөөсү өз жоруктарын аңдап билбей жатса жүрүш-турушун оңдоого аракет жасайт.
  2. Эгерде катасын моюнга албастан “кайдагы жомокту айтып атасың?” “сен туура эмес кабыл алып жатасың” деп күнөөнү кайра Асемге жаба турган болсо келеркиде байкатпастан сөздөрүн диктофонго жаздырып алыш керек. Кийинкиге сабак болорун эскертүү керек.
  3. Асем өзүнө гана ишенүүсү зарыл. Өз алдынча ой жүгүртүп, өз пикири, кызыкчылыгы бар экенин унутпашы керек. Күйөөсү Асемге менсиз киши эмессиң деген ой таңуулап жатпайбы. Асем өзүнө өзү бекем болуп алданбашы керек.
  4. Өзүнө суроо бериш керек: ушундай өмүр сүргөн мага керекпи? Эмне үчүн улам башыма чыгып келатат?
  5. Эгерде Асемдин күйөөсү өз күнөөсүн сезбесе, сезгиси да келбесе, демек аны каалабайт. Күнөөкөрдү издеп же өкүнүштүн кажети жок. Калган физикалык, моралдык, психикалык ресурсту сактап, ушул абалдан кантип чыгуунун жолун издеш керек. Өздүк чек арасын кайра калыптандыруусу абзел.

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды. 

На русском: ПОСЛЕДСТВИЯ ПСИХОЛОГИЧЕСКОГО НАСИЛИЯ

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*