Кыргызстан юридикалык клиникалар Ассоциациясы 2015-жылы түзүлгөн. Ал Кыргызстан боюнча он беш университеттин алкагындагы юридикалык клиникалардын башын бириктирет.
Ассоциациянын жана клиникалардын негизги максаттарынын бири, бул – Кыргызстандагы калктын укуктук маданиятын, билим берүү деңгээлин жогорулатуу. Тилекке каршы, калктын укуктук билими начар, өз укуктарын, милдеттерин жеткиликтүү билишпейт. Ассоциациянын адистери окуучулар арасында ар кандай укуктук сынактарды өткөрүп, студенттерди юридикалык адистикке даярдоо жаатында иш алып барат.
Мисалы, биздин интернет сайтыбызда укуктук тематика боюнча жаштарга жөнөкөй тилде, визуалдаштырылган материалдар даярдалган. Мугалимдер ошол материалдарды колдонуп окуучуларга, студенттерге сабак өтүшөт. Бул да болсо, биздин жетишкендигибиз деп эсептейм.
Мындан тышкары биздин уюм 2019-жылдан бери Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш менен бирге иштешип келебиз. Мен өзүм бул кеңештин катчысымын.
Бул кеңештин түзүлүшүнөн улам МКЮЖны координациялоо борбору менен, өз ара дагы кызматташуу жакшыртылган. БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун колдоосу менен кеңештин мүчөлөрүнө окуулар дагы өткөрүлүп атат. Бизге юридикалык жардам сурап кардар кайрылса, ошол замат вотсап тайпасына жазып, же координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберебиз.
Ошол тайпа аркылуу ой-пикирлерди жеткиликтүү деңгээлде бөлүшүп, бири-бирибизден кеңеш ала алабыз. Мисалы, мага үч-төрт ай мурун түн жарымда кичинекей кыз, “Атам апамды сабап атат. Эмне кылаарымды билбей атам” деп жазган. Мен ошол замат Координациялык кеңештин вотсап тайпасына жаздым. Ошондо, түн жарымы болгонуна карабастан, биздин адвокаттар жардам берип кыздын атасын милиция кармап кетишкен. Ага чейин милиция келбей жаткан. Мындай учурда, Координациялык кеңештин жардамы көп тиет.
Наргиза Жеңишева, Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын проекттик адиси
Leave a Reply