Биз, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Кординациялык кеңеш менен кызматташтыкта зомбулукка кабылып, оор кырдаалга дуушар болгон балдарга юридикалык жардам берип келебиз. Мисалы жакында бизге бир аял кайрылып калды. Күйөөсү менен ажырашып, ортодогу бир уул, бир кызды талашып жатышыптыр. Атасы уулун талашып, сотко чейин кайрылган.
Балдардын укуктары көп учурда тебеленип калып атат. Атасы да, энеси да балдарынын тагдырын ойлобостон бири-биринен өч алуу менен алектенишет. Атасы болсо, баласын айылда жашаган чоң атасы менен чоң апасына эрмек болсун деп баласын алам деп соттошуп жүрдү. Апасы болсо, уулу менен кызы бир чоңойсо деп далбастайт. Кординациялык кеңеш менен бирге сот аркылуу кызын да, уулун да апасына алып бердик.
Биздин уюмга балдар эле эмес, зомбулукка кабылган адамдар дагы кайрылышат. Аларды МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Кординациялык кеңешме аркылуу зомбулук жаатында иштеген бейөкмөт уюмдарга же иши менен таанышып көрүп түз эле МКЮЖны Координациялоо борборуна жөнөтөбүз.
“Балдарга адилеттүүлүк” адвокаттар коллегиясынын жетекчиси Асель Джаманкулова.
Leave a Reply