Бекер адвокаттарды бөлүп берүү, бул – аябай жакшы идея

“Балдардын укуктарын коргоо” борборунун иш алып барганына 23 жыл болду. Бул уюмдун адиси Фатима Аллаярованын айтымында, бизде адвокаттын кызматына муктаж өспүрүмдөр өтө көп. Ошол себептен биз Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш менен тыгыз иштешип атабыз. 

Үч балалуу жаш келин күйөөсү менен урушуп кетип, короодогу чөптү өрттөп салган. Ага жини келген кайнатасы келинине каршы арыз жазып, келин биздин борборго кайрылган. Мен ал келинди Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Кординациялык кеңештин адистерине жөнөткөм. Алар бул жагдайга тез реакция жасап, келинди милиция камап койгон жеринен бошотуп алышкан. Азыр ал аял күйөсү, кайынжурту менен кечиришип, жарашып камыр жумур болуп калышты. Албетте каталык кетип калган, бирок адвокаттар урушун ырбатпайт, үй-бүлөөнү сактап калууга жардам беришти.

Учурда жарандар адвокаттарга өтө муктаж. Мына, азыр дагы бир аялдын иши менен алекпиз. Аны беш баласы менен көчөдө калтырышкан. Үй шылуундук жолу менен башка адамдарга өтүп кеткен.

Мамлекеттин эсебинен адвокат бөлүп берүү, бул – ар бир адам өз укугун коргоп, адилеттүүлүктү орното алат дегенди түшүндүрөт. Арыз жазууну, документтерди чогултууну билбеген, өз алдынча сотко кайрыла албаган жарандар бар. Ошонун айынан жарандарга карата көп акыйкаткыздыктар болуп кетет. Мамлекет өз эсебинен калкты квалификациялуу адвокат менен камсыз кылуусу акыйкаттыкты орнотуу болуп эсептелет.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*