Координациялык кеңешмеге мүчө болгону, мамлекеттик мекемелер менен иштөө кыйла жеңилдеди

Биздин ассоциациянын максаты – ВИЧ, СПИДти алдын алуу жана жабыркаган адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү. Ошондой эле, ВИЧ менен жабыркагандардын жакындарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Биздин чоң жетишкендигибиз, 1990-жылдан бери ВИЧ менен жабыркаган жарандар Эл аралык уюмдардын колдоосу менен бекер дары-дармектерди алышат. 

2019-жылдан тарта Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешме менен иштешип келебиз. Биздин ассоциация буга чейин деле бир топ иштерди жасап келген. Бирок, МКЮЖга мүчө болгондон кийин мамлекеттик мекемелер менен иштөө кыйла эле жеңилдеген. Мурда оңой менен кабыл албаган мамлекеттик мекемелер кабыл ала баштады.  

ВИЧ менен ооругандардын укугу көп жерде кордолуп, ар кандай дискриминацияга кабылышат. Мындай нерсени болтурбоо үчүн айланасындагы адамдардын колдоосу, көтөрмөлөөсү өтө маанилүү. Аларда, “менин оорум билинип калса уят болом” деген түшүнүк калыптанып калган. 

Көбүнесе, иштебей үйдө отурган келиндер ВИЧти күйөөсүнөн жуктурса дагы эч кимге айта албай коркушат. Мисалы, былтыр карантин убагында бизге кайрылгандардын саны көп болду. Биз аларга Координациялык кеңешменин күчү менен юридикалык, психологиялык, гуманитардык жактан жардам көрсөттүк. Эсимде, бир келинди “батирдин акчасын төлөгөн жоксуң” деп батиринен чыгарып, болгон документтерин тартып алыптыр. Ал келиндин боюнча да бар экен. Биз ал келинди таап, азык-түлүк алып берип, МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешменин күчү менен документтерин кайтарып бердик. 

Дагы бир келиндин күйөөсү ичип алып сабай берет экен. Аны милиция кызматкерлери кармап, эки сааттан кийин бошотуп коюшат. Ал бошонуп келип, кайра аялын сабайт. Ал келинге да Координациялык кеңешме менен биргеликте жардам бердик. Бирок, ал үй-бүлө кийин ажырашып кетишти. 

Чынара Бакирова, “Анти-Спид” ассоциациясынын аткаруучу директору

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*