Калкка акысыз укуктук жардам берүү иши уланат

Кыргызстанда 15-декабрда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Өлкө боюнча 34 юридикалык борбор иштеп, жалпы 6 миң 579 жаранга укуктук жардам көрсөтүлүп, 477 жаранга адвокат дайындалды. Алардын 324ү кылмыш иши боюнча, 153ү жарандык маселелер боюнча иш алып барат. Эң көп Ош облусунун тургундары кайрылды. Бул жерде кайрылган аялдар менен эркектердин көрсөткүчү дээрлик бирдей. Ошондой эле 2624 жумушсуз адам көмөк сураган. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Декада 6-декабрда башталып, 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган.

«Өлкө боюнча 34 акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштеп, жалпы 6 миң 579 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле 477 жаран адвокат менен камсыздалды. Адвокаттардын 324ү кылмыш иши боюнча, 153ү жарандык маселелер боюнча дайындалды. Эң көп кайрылгандар Ош облусунда жана Ош шаарында катталды. Бул жерде кайрылган аялдар менен эркектердин көрсөткүчү дээрлик бирдей. Ошондой эле 2624 жумушсуз адам кайрылган».

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков белгилегендей, жарандар мурас бөлүштүрүү, мүлк талаш, жер жана үй-бүлөлүк маселелер, алимент боюнча көп кайрылышкан. Алардын ичинен 256 жаранга укуктук жардам берилген.

«Юридикалык жардам берүү борборлоруна Бишкек жана Чүй боюнча 1 500дөн ашык, Ошто 2 миңден ашык, Жалал-Абадда 1 миң 200, Таласта 640, Ысык-Көлдө 304, Нарында 490, Баткен боюнча 250 адам кайрылды. Жаш курагы боюнча 20 жашка чейин 256, 20-35 курактагы 1 миң 944, 36-60 курактагы 3 миң 179, 60 жаштан жогору 1 миң 200 адамга жардам берилди. Анын ичинен жакыр үй-бүлөлөрдүн ичинен 1 миң 309 адамга, 1 миң 432 пенсионерге, 2 миң 624 жумушсуз адамга, 1 миң 137 жумушу бар жаранга, 45 жашы жете элек өспүрүмгө, 32 майыптыгы бар жаранга укуктук жардам берилди».

Калбеков кошумчалагандай, калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасында мамлекет жеке адвокаттар менен келишим түзүп иш алып барды.

Азыркы учурда тажрыйбалуу адвокаттардан жардам алуу өтө кымбат экенин айткан Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын башчысы Таштемир Чилдебаев 89 жаран кайрылып, министрдин орун басарларынан жекече жардам алганын белгиледи.

«Бул бир жактан министрликтин ишин пропагандалоо, экинчи жактан акысыз жардам борборлору бар экени боюнча маалымат берүү. Өзүңөр билесиңер, азыр адвокаттардын кызматы аябай кымбат. Мындан ары да бул борборлор иштей берет. Жарандарга кайрыларым, келип юридикалык борборлордон акысыз жардам алып турсаңыздар болот. Биз соткобу, башка мекемегеби, кандай арыздар керек, кайсы документтери жетпей жатат, юридикалык жолдордун баарын көрсөтөбүз. Мендеги маалымат боюнча 89 жаран кайрылып, министрдин орун басарлары жекече кабыл алышкан. Аларга жогорку деңгээлде кеңештер берилди».

Декада аяктаганы менен калкка акысыз укуктук жардам берүү иши уланат. 34 борбор саат 9:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

Калкка акысыз укуктук жардам берүү иши уланат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*