“Аларды жемелешсе үстүмө муздак суу чачылгандай сезилет”. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан тарбиячы кесиби тууралуу баяндады (маек)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды алты жылдан бери тарбиялап, өз мээримине бөлөп, камкордук көрсөткөн “Үмүт” балдар үйүнүн тарбиячысы Аксана Анарбаева балдар менен кантип иштешерин, алар менен болгон мамилесин жана чогуу өткөргөн кызыктуу окуялары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

– Саламатсызбы, Аксана айым! Алгач эле өзүңүз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

– Саламатчылык! Мен Анарбаева Аксана Капаровна. 1977-жылы 5-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында туулуп, Катыраңкы деген айылда чоңойгом. Жолдошум, үч балам бар. Учурда “Үмүт” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө тарбиячы болуп эмгектенем. Бул жакка 2016-жылы таанышым аркылуу келип, иштеп калгам. Иштегениме дээрлик алты жыл болуп калды. Башында келгенде эле балдардан чоочуркабай, жийиркенбей дароо көнүп кеткем.

– Айтсаңыз, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоодо, аларга кам көрүүдө кандай кыйынчылыктар жаралат?

– Албетте, кыйынчылыктар жаралбай койбойт. Буга дагы эрк керек, көнүш керек. Эң башкысы балдарды сүйүш керек. Алардын ар биринин өзүнүн кыял-жоругу, мүнөзү бар. Мисалы, мен ар биринин мүнөзүн, кыял-жоругун эки жыл дегенде гана биле алдым. Ишке жаңы келген айрым тарбиячылар эки-үч айдан кийин эле балдарды толук билдим дешет. Андай эмес, балдар күн сайын жаңы кыял-жоругун көрсөтүп турушат. Алыс жолго чыкканда же бир иш жасаганда көп байкалат.

Мен аларды оорубаса экен деп тилейм. Анткени аларды ооруп калган учурда ооруканага алып баруу, дары берүү, ийне сайдыруу түйшүктү жаратат. Суукта ооруп калышпасын деп көп жакка да чыгарбайбыз. Алар мага жакын досумдай, бир тууганымдай жана өз баламдай. Иштөө кезегим болбосо деле аларды дайыма ойлоп, сарсанаа болуп кабар алып турам. Эмнегедир жан дүйнөм аларга тарта берет.

– Аларды карап, тарбиялабастан кошумча дагы эмнелерди үйрөтөсүз?

– Биз балдарды дайыма режим менен карайбыз. Убагы менен турушат, тамактанышат, мектептерге барышат. Мындан тышкары биз аларды кол өнөрчүлүккө үйрөтөбүз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын көнүгүүлөрдү семинарлардан өзүбүз үйрөнүп, кайра балдарга көрсөтүп беребиз. Мисалы, сайма саюу, кийизден ар кандай нерселерди жасоо жана башка ушул сыяктуу нерселер. Бул нерселер өз жыйынтыгын берет. Айрым балдардын кыймыл-аракеттери көбөйөт, сүйлөй албагандар бир-эки сөздөн кошуп, сүйлөй башташат. Ошондой эле коомдук жайларда өзүн кандай алып жүрүүнү, адамдар менен туура мамиле кура билгенди үйрөткөнгө аракет кылабыз. Кээде өзүм балдардан үйрөнгөн учурлар кездешет.

– Жаңы келген балдар менен тил табышуу процесси кандай болот?

– Бизге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көп келет. Ал балдардын жаш курагына, диагнозуна карап, ага жараша мамиле куруп баштайбыз. Бат эле тил табышып кетем. Жаңы иштеп баштаган учурумда балдар тууралуу жакшы билбей, кээ бир сүйлөй албаган балдарга суроо берип алып, ыңгайсыз болгон учурларым болгон.

– Жумушуңузда ушул убакка чейин сиздин эсиңизде калган балдар менен чогуу өткөргөн кызыктуу окуялар жөнүндө айтып берсеңиз.

– Бизде көбүнчө кызыктуу окуялар балдар менен чогуу кандайдыр бир иш-чараларга, коомдук жайларга барганда жаралат.

2021-жылы 14-январда Ольга аттуу кызыбыздын туулган күнү болуп, шаардагы кафелердин бирине барганбыз. Ал жактан туулган күнүн белгилеп, кетип жатсак Дастан аттуу балабыз кетпейм деп, унаага түшпөй койду. Ошондо баарыбыз кыйкырып да, күлүп да жатып араң салганбыз. Андан соң калганыбыз экинчи такси менен кетели деп отурсак Нуркыз аттуу кызыбыз батпайбыз деп такыр отурбай, жерге жатып алган. Ошентип кайра башка такси чакыртып, үчүнчү такси менен кеткенбиз. Бул окуяны азыркыга чейин айтып, күлө беребиз. Балдардын арасында Халикова Малика аттуу өзгөчө акылдуу кызыбыз бар. Ал дайыма мага балдардын эмне кылып жатканын айтып, жардам берип турат. Ал экөөбүз дайыма ушундай күлкүлүү окуяларды эстеп, күлүп калабыз. Мындан башка дагы эсте каларлык окуялар көп болгон, айта берсең түгөнбөйт.

– Балдарга өз мээримиңизди төгүп, камкордук көрсөтүп, аларга өз апасындай болуп калсаңыз керек…

– Ооба, кайда жүрбөйүн аларды ойлоп, кыжаалат боло берем. Ажатканага чейин өзүм алып барып карайм. Бир жолу биз жакта оңдоо иштери жүрүп, убактылуу башка жерде балдарды окутуп калдык. Ошол жактан бир тарбиячы менин тайпамдагы кызды ажатканага таза отур деп колун жаңсап урушуп жатыптыр. Ошондо мага бирөө үстүмө муздак суу куйгандай болуп, ушунчалык жаман болуп, ичим ачышкан. Ал тарбиячыга “балдарды урушпаңыз, айтсаңыз мага айтыңыз” деп болушуп кеткем. Мындай учурлар көп кездешет. Балдарга бирөө катуу сүйлөсө жаман болуп, аларга дайыма болуша кетем.

Бизге сырттан адамдар келип, кол кабыш кылып турушат. Алар көбүнчө балдар менен 1-2 саат сүйлөшүп алалы дешет. Дайыма макул болобуз. Себеби балдардын дагы башкалар менен сүйлөшүп, баарлашкысы келет. А биздин колубуз көбүнчө тамак жасоо, кир жуу менен бошобой, алар менен сүйлөшүүгө убакыт бөлө албай калабыз. Сүйлөшүү алардын сөз байлыгынын кеңейишине, коом менен аралашуусуна мыкты өбөлгө болот. Мындан тышкары балдардын көңүлүн көтөрүү максатында иш-чараларды, майрамдарды уюштуруп турабыз.

– Алган айлык маянаңыз сизди канааттандырабы? Мындан ары да ушул жакта иштей бересизби?

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кароо, тарбиялоо канчалык оор жумуш болсо да, мен өз жумушумду сүйөм. Жумуштан кетүү оюмда жок. Жумушумдун аркасында көптөгөн жакшы адамдар менен таааныштым. Ден соолугум болсо эле пенсияга чыкканга чейин иштей берем. Айлык маянам жашоомо жетет, шүгүр кылам.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

https://www.super.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*