Медиациянын негизги максаты эки тараптын кызыкчылыгына туура келген чечимди табуу

Медиация – бул соттон тышкары талаш-тартышты чечүү ыкмасы. Азыркы мезгилде коомчулукта ар түрдүү талаш-тартыш, чыр -чатактар көп болууда, ошол эле үй-бүлөлүк, жеке адамдардын жашоосундагы, жээ болбосо бизнес чөйрөсүндө болуп жаткан талаш-тартыштар.

Мындай учурда адамдар сотко кайрылууга көнүп калышкан. Бирок, соттук кароонун көп созулгандыгы, сот чыгымдарынын кымбаттыгы элди көп убара кылат. Экинчиден, сотто бир тарап сөсзүз жеңилет, экинчи тарап утат, жыйынтыгында жеңилген тарапта нааразычылык пайда болот. 

Улуттук медиация борбору 2011-жылы ачылып, сотко чейинки, сот учурундагы бир катар талаш-тартыштарды чечип келет. Борбордун негизги максаты – кайсы бир иш сотко жетип калган учурда, соттон кийин деле сүйлөшүү жолу менен арыздашкан эки тараптын кызыкчылыгына туура келген чечимди табуу. 

Мисалы, атасы баласына 25 пайыз алимент төлөш керек. Бирок, апасына акча эмес, баласын бала бакчага ташып туруу зарыл. Атасы да буга макул. Бирок, сот эки тараптын кызыкчылыгына карабастан, мыйзамдын негизинде “25 пайыз алимент төлөсүн” деп чечим чыгарат. А биздин борбор мындай учурда эки тараптын кызыкчылыгына жараша иш алып барат.

2017-жылы Медиация жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган. Азыркы күндө 300гө жакын медиаторлор окутулуп, медиаторлордун реестрине киргизилген. Жардамга муктаж жарандарга координациялык кеңешменин адвокаттары менен бирге жардам беребиз. Мисалы, бир аялдын үч кызы бар экен. Улуу кызы апасына билгизбей үйүн өзүнүн наамына каттатып алыптыр. Муну үйүндөгүлөр билип, эмне кылаарын билбей бизге кайрылышкан. Биз нотариуска барып, ал келишимди жокко чыгарттык. Жыйынтыгында, үй апасынын наамында эле калды. Сүйлөшүүдөн натыйжа чыкпай калган учурда, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун адвокаттарына жиберебиз. 

Медиациянын күчү жана принциптери эмнеде?

– Медиатор эки тарапка бири бирин түшүнүүгө жана келишимге келүүгө жардам берет, бирок медиатор чечимди кабыл албайт, чечимди тараптар өздөрү кабыл алышат. Ошондуктан бул чечимдин аткарылышы дагы өйдө болот. Дуйнөлүк тажрыйбада медиациянын чечимдери 85% учурда аткарылат. Медиация аркылуу жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүүгө болот.

Медиациянын негизги принциптери:

  1. Ыктыярдылук. Медиацияга эки тараптын тең өз калоосу менен катышканы.
  2. Медиатордун бейтараптыгы. Медиатор эки тарпка бирдей өз кызыкчылыгы жок калыс өткөрөт
  3. Эки тараптын тең укуктулугу, кызмататашуусу.
  4. Медиациадагы маалыматтар купуя сакталат.

Медиация боюнча мыйзам жаңы күчүнө кирип жатканы менен, меним оюмча бул  ыкмасы кыргыз элинин менталитетине илгертен эле жакын. Башкача айтканда, медиация –бул данакердик, элдештирүү деген маааниге ээ. Кыргыз элинде бул туралу мындай макал бар: «Эки киши күнөкөр, үчүнчүсү данакер»

Эгерде арыздашкан тараптар, узака созулган сот процесси жок эле ишти чечүүнү кааласа Улуттук медиация борборуна төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот:  0702 60 99 02,  0556 60 99 02

Гульсина Кожоярова, Улуттук медиация борборунун негиздөөчүсү, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*