Кыз бала ата-энесинин мүлкүнө тең мураскор болууга укуктуу

Адатта биздин элде кыздарына  мураска мүлк бөлүнбөйт. Үйлөрүн, машиналарын, дачаларын, болгон мал-мүлкүн бүт балдарына калтырышат, кыздары мураскор катары каралбайт дагы.

Ал эми мыйзам боюнча мураска  калтырылган мүлккө эң биринчи кезекте балдары, жубайы, мурас берүүчүнүн ата-энеси, мурас калтырган адам каза болгондон кийин туулган баласы тегиз  үлүшкө ээ.

Башкача айтканда кыздар дагы уулдар сыяктуу эле мураска калган мүлктөн  өз үлүшүн алууга укуктуу. 

Кыздар турмушка чыгып же ата-энеден бөлүнүп кеткен учурда өз жер үлүштөрүн ата-энелерине же эркек бир туугандарына таштап кетишет. Илгертен калган адат боюнча жер эркектерге таандык. Бирок, мамлекет тарабынан бөлүнгөн менчик жер үлүшүнө ээ болуу укугун айткандын же ал үчүн компенсация талап кылгандын эч уяты жок. 

Илгертен калган адат менен жер эркектерге таандык деген стереотип аялдарды ого бетер артка тартып, алсыздандырып жатат.  Айрыкча ар кыл зомбулуктарга каршы чыгып, өз укуктарын коргоого туура келген учурларда аялдар баш калкалар жери, тиричилик өткөрүп, нан табууга каражаты жок карайлап калышат. Натыйжада  амалсыздан зомбулукка чыдап  жашоого туура келет. 

Төмөнкү шилтемеге кайрылып, мыйзам боюнча кимдин мураскорлукка укугу бар экендиги тууралуу кенен маалымат алса болот: https://kg-law.journalist.kg/2021/06/03/muras/

На русском: Дочери имеют равное право наследовать имущество родителей

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*