Адатта аял үй-бүлөнү сактоо үчүн чыдамдуу, жоош-момун болууга тийиш деп айтышат. Ушундан улам чыдасан жеңесиң деген лакап айтылып келет.
Бирок турмуш көрсөткөндөй, чыдамдуулук менен зомбулукту жеңүүгө болбойт. Бүтпөгөн чыр-чатак менен зөөкүрлүккө каяша кылбай чыдай берсең акыры зөөкүр калыптанат. Кылган күнөөсү үчүн жооп бербесин сезген адам күчөнүп, улам ырайымсыз жорукка барат.
Бирөөгө зомбулук көрсөтүүгө эч кимдин укугу жок экендигин ар бир адам билиши керек. Ар бир адам коопсуз, жайлуу жана бактылуу жашоого укуктуу.
Үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон учурда төмөнкү телефондорго чалуу зарыл:
- 102 – милицияга, зомбулукка дуушар болгон фактыны кабарлоо зарыл;
- 117 – ыкчам байланыш, бул жерде гендердик же үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөт;
- “Балдар үчүн ишеним телефону – 111” – зомбулукка дуушар болгон балдарга, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүлөт.
Укуктук жардамга муктаж болгондор акысыз укуктук жардам көрсөтүүчү Борборлорго кайрылса болот: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-assistance/where-to-get
Мамлекеттин эсебинен акысыз адвокаттын кызматына муктаж болгондор Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборунун координаторлоруна кайрылса болот: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-aid/where-to-get
На русском: НИКТО НЕ ИМЕЕТ ПРАВО ПОДВЕРГАТЬ ТЕБЯ НАСИЛИЮ
Leave a Reply