Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн окуу модулу

 

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн-курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыкты.

Окуу модулу үч сабактан турат жана болжол менен 2-3 саатка эсептелген. Сабактардын аягында тесттен өтүү сунушталат. Тесттин жыйынтыгынын негизинде “Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат аласыз. 100 баллдын  ичинен 80 балл алгандарга сертификат берилет. Эгерде сиз 80 баллдан аз алсаңыз, анда кайрадан онлайн курсту өтүп, билимиңизди бекемдеп, сертификатка ээ боло аласыз.

Онлайн модуль Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

Курстун түзүмү:

I. Сабак

1 Гендердик сезимтал журналистика

1.1 Макаланын мазмуну: зомбулуктун түрлөрү

1.2 Терминология. Англицизмдер: сексизм, шейминг, слатшейминг

II. Сабак

2 Гендердик стереотиптер

2.1 ЖМК туура эмес чагылдырган мисалдар

III. Сабак

3 Материалды даярдоо. Зомбулукту чагылдырууда эске алчу эрежелер

3.1 Жабырлануучу (каарман) менен иштөө

3.2 Макалада сүрөт же видео колдонуу эрежелери

3.3 Макаланы жазууда стандарттык эмес ыкмалар

IV. Жыйынтыктоочу тест

Что я буду изучать?

  • Курсту аяктагандар гендердик теңчилик темасын туура чагылдыра башташат.

 

Кыргыз тилиндеги онлайн курстун шилтемеси:

https://journalist.kg/kg/courses/genderdik-sezimtal-zhurnalistika-boyuncha-onlajn-okuu-modulu/ 

Орус тилиндеги онлайн курстун шилтемеси:

https://journalist.kg/ru/courses/obuchayushhij-onlajn-modul-po-genderno-chuvstvitelnoj-zhurnalistike/ 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*