Адвокат Эркинбек Жакеев: ГАЛС – бактылуу үй-бүлөөнү курууга багытталган трансформациялык метод

Мен адвокаттык ишмердүүлүктү 2013-жылы баштап, иш тажрыйбамда 60-70%  аялдардын укугун коргоп келатам. Аталыгын аныктоо, алимент өндүрүү, төрөлгөн фактысын аныктоо, ажырашуу, мүлк бөлүшүү, зомбулук маселелери менен кайрылышат. 

Быйыл Юстиция министрлиги жана БУУнун жана Европа Биримдигинин “Теңдик нуру” демилгеси тарабынан уюштурулган “Тилектештик автобусу” долбоору менен тыгыз иштешип, өлкөбүздүн алыскы айылдарын кыдырып элге укуктук жардам көрсөтүүгө катыштым. Бул долбоордун артыкчылыгы ар түрлүү багыттагы адвокат, нотариус, салык, жер, социалдык коргоо адистери бирге жүрүп элге жеринде укуктук жардам бергени.

Жылдын башынан бери “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында “Тилектештик автобусунун” адистери 3 этаптан турган “ГАЛС” методунун окууларынан өттүк. Анда кыялдарга саякат, аны ишке ашыруунун ыкмасы, бактылуу үй-бүлөө дарагы, үй-бүлөөнүн ишин, мүлкүн бөлүштүрүү багытында адамдын аң сезими өзгөрткөн трансформациялык ыкмалар камтылган экен. Менин кардарларыма дагы ушул окууну толугу менен өткөрсө көп үй-бүлөөлөр багытын өзгөртүп бактылуу жашамак. Бул окууну аларга толугу менен өтүүгө мүмкүнчүлүгүм жетпейт, бирок айрым элементтерин колдонуп айтып берип атам. Негизи эле кардарларыма берген кеңешим укук, мыйзам менен гана чектелбестен,  багыты өзгөрүп, сапаты мурункудан дагы салмактуураак болуп калды десем болот. 

Мисалы быйыл “Тилектештик автобусунун” адистери менен Кара Суу районунда элге укуктук жардам көрсөтүп жаткан учурда мага бир аял кайрылып калды. Анын күйөсү башка жака көчүп чыгып кетип, аялын балдары менен жашап аткан үйдөн чыккыла деп кууп жаткан экен. “Эки жашы жете элек бала менен бараарга жерим, иштээрге ишим да жок” –деп ыйлап жардам сурап келди. ”Тилектештик автобусунун” адистери чогулуп алып кеңеш бердик. Ал аялдын үйгө эч кандай укугу жок экен, үйү кайын энесинин атына жазылыптыр. Расмий никеге турушпаптыр.  Тилекке каршы, мындай учурда, мыйзам боюнча алмент гана өндүрсө болот. Ал аялдын алдыдагы жашоого болгон үмүтү өчүп, келечекти көрө албай, кайратын жоготуп койгону көрүнүп турат. Биз алмент өндүрүү боюнча кеңешибизди берип узатып койсок болмок. Бирок ГАЛС окуусунун ыкмасы эсиме түшүп, аны токтотуп, максаттарын, кыялдарын сурай баштадым. Ага жетиш үчүн ушул күндө колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып келечекке план түзүү керек деп ак кагазга кадамдарды тарта баштадык. Ал аял кийим тиккенди жакшы көрөөрүн, мектеп кезинде айылдагы чоң апаларга көйнөк тигип берип жүргөнүн айтты. Айылга атасынын үйүнө кайтып барып эки түрлүү кийим тигүүчү машине алып иш баштаарын, каражат топтоп чоң бизнес жасаарын пландап жатты. Мен багыт берип койдум, өзү планын түзүп, мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, үмүт жанган көздөрү менен үйүнө шашты. План түзүп атып, үйүнөн кууп жаткан жолдошун, кайынжуртун эстеген да жок. Кыялдары ишке ашкандай маанайы көтөрүлүп жөнөп кетти.    

Ар бир адамдын кандай абалда болбосун багытын өзгөртүп, жашоону жарык жакка бурууга мүмкүнчүлүгү бар. 

Эркинбек Жакеев, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам реестринин, Кара-Кулжа районунун Акысыз юридикалык жардам борборунун адвокаты. 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*