ГАЛС системасы – кыялдарды ишке ашырат

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн каалоо тилектери эске алынып, кыялдарын  ишке ашырган ГАСЛ методу тууралуу Кыял Тилебалдиева,  ГАЛС  ыкмасынын тренери менен болгон маекти сунуш кылабыз.  

 

ГАЛС – жашоону жакшырттууга багытталган ыкма 

ГАЛС системасы – үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн максаттары, кыялдары эске алынып, ар биринин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган ыкма. Катышуучуларды кыялдарга саякат жосоого, максаттарды алдыга коюп, келечекке план түзүүгө үйрөтөбүз. Үй-бүлөдөгү маселени кеңешип чогуу чечүүгө, чарбалык жумуштарды баарына тегиз бөлүштүрүүгө,  кирешени чогу көбөйтүүгө чакырабыз. ГАЛСтын бир ыкмасы  бриллиант деп аталат, анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ар мамилелерин оңдоого түздөн түз таасир этүүчү ыкма. Ыкманын түпкү максаты үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүн бактылуу сезишине, жалпы үй-бүлөөнүн ынтымак жашоосуна жана карым катнашты жакшыртууга багытталган. ГАЛС ыкмалардын автору Линда Мейо (Linda Mayoux) Кыргызстанга бир нече жолу келип, ыкмаларды ыңгайлаштырууга жана тренерлердин жөндөмдүүлүктөрүн такшалтып күчөтүүгө жардам берген. Кыргызстанга ыңгайлашылган ыкмаларды 2015-жылдан бери өтүп келебиз. 

 

ГАЛС ыкмаларын колдонгондон бери кардарларга дагы бир кадам жакындадык

Азыркы учурда ГАЛС ыкмаларды биз БУУ жана ЕБнын кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту жоюуга багытталган «Теӊдик нуру» демилгесинин колдоосунда уюштурулган “Тилектештик автобусу” долбоорунун адвокаттар жана социалдык кызматкерлерине өттүк. 

Тренингден өткөн адистер өздөрүнүн үй-бүлөсүндөгү кемчилигин байкап, гендердик жактан сезимтал болуп калганын айтышты. Албетте бул окуулар “Тилектештик автобусунун” алкагында укуктук консультациянын сапатын дагы кыйла жакшыртты десек болот. “Мурда супсак таза юридикалык консультацияларды берип жүргөн экенбиз. ГАЛС ыкмаларын колдонгондон бери кардарларга дагы бир кадам жакындадык”,- деп адвокаттар өздөрү айтып жатышат. Бул албетте кубанычтуу.

 

Гендердик теңдик

ГАЛС ыкмасы менен тренингден өткөндөр өз турмушуна кайрылып, жүрүш-турушун кайрадан бир электен өткөрүп, туура эмес аракеттерине баа берип калышат. Мисалы, бир үй-бүлөнү алсак, кайната-кайнене, аялы күйөөсү балдары бар. Ар кимисинин ар кандай кызыкчылыктары каалоолору болот. Бири бир тамакты жегиси келет, бири аны каалабайт. Бири мындай кийим кийгиси келсе, башкасы окугусу келет, бири жатып эс алса, башкасы тоого чыгып эс алганды жакшы көрөт. Ар биринин муктаждыктары канааттанган болсо, бардыгынын укуктары текши сакталса,  ошол үй-бүлөнү бактылуу деп атаса болот. Аялдардын да, эркектердин да көңүлү ток, маанайы шат болот. Үйдө бир киши бүт чарбалык жумуштарды жасап, калганы бош  отурса, акыры бир күнү таарыныч башталат. Аягы бүтпөгөн жумуштан чарчайт, стресс болуп ден соолугу бузулат. Ошол эле иштерди бардыгы тең бөлүшүп аткарса – ар ким өзү каалаган иштерин аткарганга, өзүнө көңүл буруп өнүгүүгө убакыт болот. Ошондо гана ар бир үй бүлөө мүчөсүнүн бактылуу болушуна шарт түзүлөт. Ушуну гендердик теңдик десе болот. 

 

Бактылуу үй-бүлө дарагы

ГАЛСтын  бир ыкмасы болгон бактылуу үй-бүлө дарагын (БҮД) тартканда, үй-бүлөө мүчөлөрү кандай үй жумуштарын аткараарын көрө алышат да, ошол менен бирге гендердик теңсиздикти же теӊдикти эффективдүү көрсөтөт. Аялдар үй жумушунун  көбүн жасайт жана алар жасаган иш жетиштүү бааланбайт, себеби ал иш киреше алып келбейт. Ал эми эркектер болсо көбүнчө киреше алып келе турган жумуштарды жасаганга аракет кылышат жана үй-бүлөөнүн каражатын көзөмөлдөп турушат.  

Ушундан улам аялдардар өздөрүнүн экономикалык абалын жакшыртууга, акча-каражаттарын майнаптуу инвестиция үчүн колдонууга, өзүнүн же үй чарбачылыгын жашоо деңгээлин оңдоого алы келбей калат.  Албетте бул көрүнүштөр таарынычка, уруш талашка, үй-бүлөлүк физикалык, экономикалык, моралдык, психологиялык зомбулукка алып келет. 

Жубайлар эле эмес, балдары дагы түйшүккө баткан учурлар болот. Ата-энеси отуруп алып балдарын жумшай берет: “ай муну жаса, аны жаса, малды тос,ж.б.”  Балдары мал карайт, суу ташыйт, от жагат, тамак жасайт, кечинде сабак окуганга алы келбей калса “эмне сабак окуган жоксун?” деп сурайт. Муну атайын эмес, калыптанып көнүп калган үчүн да уланта беришет.

БҮД ыкмасы үй-бүлөөдөгү болуп жаткан же боло турчу зомбулуктардын алдын алууга, мамилелерди жакшыртууга, маалыматтулукту жогорулатууга, гендердик теӊдикке, бирге чечим кабыл алып бири бирин сыйлоого алып келет. 

 

Зомбулукту агартуу жолу менен алдын алуу керек

Зомбулук кылган адамды актабастан, тийиштүү жазасын бериш керек. Бирок ал зомбулуктун түпкү себебин чечип бербейт. Бул жерде комплекстүү иш алып баруу зарыл. Зомбулукту жоюу үчүн окутуу, пикирин, жашоонун багытын, аң сезимин өзгөртүү жаатында иштеш керек. Башкача айтканда агартуу жолу менен зомбулуктун алдын алуу абзел. “Теңдик нуру” демилгеси эл агартуу жолу менен зомбулукту жоюуга багытталган ГАЛС сыяктуу тренингдерди, маалымат кампанияларды жүргүзүп келет. 

Бул иш аракеттердин негизги максаты – элдин дүйнө таанымы кеңейип, өзүн өзү жана бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлаганга жетишкен, бактылуу үй-бүлөлөрдөн турган ачык коомду куруу болуп эсептелет. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*