Мыйзам баары үчүн бирдей болушу керек – МКЮЖ миссиясы мына ушунда 

Жарандар квалификациялуу адвокаттын жардамын өз убагында ала албай, сот адилеттигинен дээрлик четте калган учурлар өтө көп кездешет. Мунун башкы себеби адвокаттардын кызматынын кымбаттыгы экенин көпчүлүгү белгилеп келишет.  

2016-жылдын 16-декабрында “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (МКЮЖ) кабыл алынган. Ага ылайык, жакырларга укук коргоо жана сот органдарында өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик түзүм – Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (МКЮЖ КБ) иштеп жатат. МКЮЖ КБ ушул багытта гана иштебестен, жарандардын укуктук жардамга ээ болуу маселелеринде жарандык коом менен активдүү кызматташат жана өз ара аракеттенет.

18-июндан 23-июнга чейин Чок-Тал айылында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара байланышын чыңдоо максатында МКЮЖ КБнын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана өкмөттүк эмес уюмдардын бир катар башка активисттери үчүн семинар уюштурулду. Семинарга катышкандардын катарында жарандардын укугун коргоо жаатындагы 25 коммерциялык эмес уюмдун жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Коргоо министрлиги, УКМК, Бишкек мэриясы, Айыл, суу чарба жана аймакты өнүктүрүү министрлиги ж.б сыяктуу 19 мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

– Мындай тренингдер биз үчүн өтө зарыл – деген ишенимди билдирет катышуучулардын бири, милициянын полковниги Азамат Дүйшөналиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн башчысы – жаңы Кылмыш кодекси жана биздин ишибизди реформалоо процесси башталгандан бери. укук коргоо системасын гумандаштырууда, бизден, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн айрым стереотиптерди өзгөртүүнү жана жарандык сектордун өкүлдөрү менен өз ара пайдалуу кызматташуу көндүмдөрүн өркүндөтүүнү талап кылат.

– Чындыгында, так ушул жарандык сектордун активисттеринин жардамынан улам, – деп белгилейт катышуучу Гүлшад Токтобаева, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук офицери, – акыркы жылдары Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүндө моралдык-психологиялык климат бир топ жакшырды деп айтууга болот. МКЮЖдун алкагында тыгыз кызматташуу бизге армияда уставдык эмес өз ара мамилелердин көйгөйүн чечүүгө жана аскер прокуратурасы тарабынан ачык-айкын жана объективдүү иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берет.

Семинардын катышуучулары МКЮЖ КБнын, МКЮЖду өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин, мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын кызматташтыгынын ролу менен максаттарын тереңирээк түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү тажрыйбасы жөнүндө көп нерселерди билишти , социалдык жактан аялуу топтордун укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүү боюнча билимге жана тажрыйбага ээ болду.

– Акыркы жылдары жеке курулуш компаниялары борбор калаада активдешип баштады – дейт семинардын катышуучуларынын бири Бишкек мэриясынын жетектөөчү адиси Руслан Кудайбергенов, көп учурда алар балдар аянтчасы менен гүлбактардын курулушун узурпациялоо менен, катардагы жарандардын укугун бузган учурлар көп болууда. Мындай ишкерлер менен соттук териштирүүлөр бирдей эмес шарттарда жүргүзүлөт, анткени компаниянын жетекчиси адатта жакшы адвокат жалдай алат, ал эми анын оппоненти көп учурда мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат. Ушундай кырдаалда МКЮЖ сөзсүз түрдө керек, жана бизге, өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине, ушул багытта иштеген кесиптештерибиз жана өкмөттүк эмес сектордун активисттери менен тажрыйба топтоого жана ишкер байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берген семинарлардын өткөрүлүп турганы кандай сонун.

Алты күндүн ичинде аналитикалык отчетторду түзүү, социалдык тармактардагы үгүттөөнүн техникалары менен таанышуу, Интернеттеги максаттуу аудитория менен баарлашуу, тексттерди жазуу жана социалдык жарнаманы жайылтуу үчүн визуалдык куралдарды колдонуу, ар кандай курактагы, жыныстагы жана социалдык топтордогу өкүлдөр менен баарлашуунун нюанстары боюнча сабактар ​​өттү.

– Тилекке каршы, калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээли дагы деле болсо төмөн бойдон калууда, – деп белгиледи тренингдин угуучусу Алтынай Кулатова, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, – ал көп учурда ар кандай юридикалык түшүнбөстүктөрдү жана кайчы пикирлерди жаратат. Өз укуктарын коргой алуу үчүн жарандар аны кантип туура жасоону билиши керек. Бул билимди мүмкүн болушунча жайылтуу керек. Ошондуктан, биз, мамлекеттик кызматкерлерибизге дагы, МКЮЖдагы өнөктөштөрүбүзгө дагы кенен аудитория менен баарлашуу көндүмдөрүн үйрөтүшүбүз керек.

Ошондой эле, семинардын катышуучулары кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашты жана иштеп чыгышты, биргелешип иштөө үчүн зарыл болгон жеке байланышты түзүштү.

– Мындай иш чаралардын максаты – дейт катышуучу Асель Насирова, КР Соцфондунун укуктук колдоо бөлүмүнүн начальниги, – катышуучулардын мамлекеттик органдардын жана МКЮЖ системасындагы башка субъекттердин ролун жакшылап түшүнүүсүн жакшыртууда, сапаттуу маалыматты алгачкы булактардан алууга, МКЮЖ субъекттеринин укуктук акысыз жардамын берүү практикасын, тажрыйба алмашууну өркүндөтүүдө турат.

Семинар БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу алдында МКЮЖ КБ тарабынан уюштурулду.    

Андрей Токомбаев

На русском: Закон должен быть для всех одинаков – в этом миссия ГГЮП

In english: The law should be equal for everybody – this is the SGLA mission

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*