Нарында болгон бир окуяны айтып берейин. Мага 20 жаштагы Гулмира (аты өзгөртүлдү) деген аял кайрылды, эки көзү көпкөк, бир жак көзүнүн ичи кызарып кан уюп калган. 27 жаштагы жолдошу аёсуз катуу сабап салган экен. Мага келгенде таяк жегенден 7 күн өтүп жакшы болуп калгандан кийинки абалы болчу. Колунда 9 айлык баласы бар.
“Мага жардам бергилечи, зөөкүрдөн кутулууга кандай укуктарым, мүмкүнчүлүктөрүм бар?” – дейт. Дароо эле судмедэкспертизага жөнөтүп баарын документтештирдик, жеңил жаракат алган деп чечим чыгарып берди.
Гулмира жолдошу тууралуу сөз башталса эле алаңдап, ары бери карап, ыйлай бере турган болуп калыптыр. “Мен жолдошуман корком, көрсөм эле жүрөгүм оозума тыгылып калып атат, жашай албайм, ажыраштырып бергиле” – деп суранды.
“Адвокатка төлөгөнгө бир тыйыным да жок, жол кирени араң таап келип кетип атам. Бир айласын таап жардам бергилечи” – деп аянычтуу жалдырап жиберди.
Бул жерде, мен баардык Кыргызстандыктарга айтып кетет элем, мыйзам боюнча ар бир жарандын, кирешеси эсепке алынбастан, акысыз юридикалык кеңеш алууга укугу бар. Эгерде адвокат керек болуп, бирок анын кызмат акысын төлөй албасаңар, мамлекеттин эсебинен адвокат берилет. Айлык кирешеси 9267 сомдон аз болсо Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ) жергиликтүү координаторуна кайрылса, ал атайын адвокат дайындап берет.
Мен Гулмирага МКЮЖ системасынан адвокат болуп дайындалып, укуктарын коргой баштадым. Арыздарды даярдадык. Кызынын документтери жок экен, калыбына келтирдик. Ажырашуу, алимент өндүрүү – эки жарандык иш боюнча, ошондой эле сабагандыгына байланыштуу Жорук кодексинин, Үй бүлөөлүк зомбулук 75-беренеси боюнча күнөө коюлуп, адвокат катары коргоого алдым. Гулмира “сотко барбайм, жолдошумду көрө албайм, корком” деп ыйлап, баруудан баш тартты. Ишеним кат менен өзүм барып аттым.
Тергөө учурунда, Гулмира кайра ойлонуп, ишти кыскартып бериңиз деп сурана баштады. Мен ажырашпагыла, бирок урган адам жазасын алыш керек, болбосо адатка айланып калат деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Кийин кыздын апасы келип, “күйө балам жалгыз уул, соттолуп кетпесин деп атабыз” – деп суранды. Силерден келип кечирим сураштыбы десем, “кечирим сураган жок” –дейт.
Бул берененин негизинде урган адамга айып пул же түзөтүү жумуштарга же коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазалар берилет экенин жакшылап түшүндүрдүм. Күнөөкөрдү жазалап кою биринчи кезекте урган адамдын өзүнө пайда. Себеп дегенде, жаза алган адамдын пикири өзгөрүп, башка кишини урганга болбосун, урган адамга каршы мыйзам иштейт экенин, мамлекет тарабынан укуктар толук корголот экенин түшүнүп калат. Жазаланбай калса жашоосу баякыдай зомбулук, зордук нугу менен улана берет, сый урамат кетет, акыры үй-бүлөөсүз калышы мүмкүн. Менин тажрыйбамда зомбулукту адат кылып алган адам акыры барып, ажырашат же жакындарынан ажырайт. Андыктан зомбулукту башынан эле кыркып жок кылыш керек. Зомбулукка мыйзам чегинде чекит коюу зарыл. Айрымдары “чыдасаң жеңесиң” – дейт. Андай эмес. Зомбулукка чыдабаш керек. Ар бир адам зомбулуксуз, коопсуз жашоого укуктуу экенин билиш керек. Жазасыздык зомбулукту андан ары өрчүтөт экенин Гулмирага да апасына да жакшылап түшүндүрдүм.
Тилекке каршы, сот процесси учурунда, Гулмира кечирим берип, зөөкүр жазасыз кутулуп кетти. Албетте адвокаттар кардардын каалоосунан чыга алышпайт. Гулмирага дагы күнөө кое албайбыз. Анын жашоосунда эмне болуп атканын, кандай ойлонуп, эмненин негизинде мындай чечимге келип атканын толук биле албайбыз.
Эң өкүнүчтүүсү 7 айдан кийин Гулмира кайрадан көгала болуп, мурункудан дагы оор абалда, менин иш бөлмөмө келип көз жашын көл кылып ыйлап отурду.
Жакында БУУнун жана ЕБнын аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюуга багытталган “Теңдик нуру” Демилгеси уюштурган окууларга катышкан элем. Анда алган билимимди колдонуп Гулмиранын укугун коргоону кайра башынан баштадым. Буюрса жыйынтыгы менен бөлүшөм.
Асанов Ыдырыс, МКЮЖ системасынын адвокаты
Материал Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган “Теңдик нуру” Программасынын колдоосунда даярдалды.
Материалдарда берилген пикирлер Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, алардын программа / долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулган белгилөөлөр кайсы бир өлкөнүн территориясынын же аймагынын, же алардын чек-араларынын укуктук статусуна тиешелүү ойду бербейт.
Leave a Reply