Өзгөчө кырдаал учурунда үй-бүлөлүк зомбулук 60 эсе көбөйгөн

Быйылкы жылы Кыргызстанда зордук-зомбулук фактысы былтыркыдан көп катталды. Анда кыйноого кабылгандардын 91,3%ын аялдар түзөт. Адистер көрсөткүчтүн өскөнүн эпидемиологиялык кырдаалдан улам киргизилген карантиндик чектөөлөргө байланыштырат. Ал эми Ички иштер министрлиги аялдар жардам сурап кайрылып жатканы менен айыпкерлерге чара көрүлө баштаганда кайра тосмо арыз жазып, жазадан куткарып алып жатышканын айтат.

25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. 2020-жылдын 10 айында өлкө ичинде 7669 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Жабыр тарткандардын көпчүлүгү – аялдар. Айрыкча өзгөчө кырдаал учурунда мындай кылмыштардын саны өтө көбөйгөн.

Кризистик борборлор ассоциациясынын мүчөсү Рахат Исмаилова карантин маалында аялдарын уруп-сабаган, муну менен тим калбай, балдары менен кошо көчөгө чыгарып койгон учурлар көп кездешкенин айтат. Исмаилова мунун себебин эркектердин иши жок үйдө отуруп калуусунан, каржы табуу мүмкүнчүлүгү чектелип, үй-бүлөсүн багууда кыйынчылыкка туш болгонунан көрөт. Дагы бир жагдай, аялдар зомбулук көрүп, тиешелүү жактарга чара издеп кайрылганы менен кайра эле баарына кайыл болуп, үйүнө кайтып барууну туура табат.

«Ар кандай учурлар болот. Бирок көбүнчөсү кайра эле үйүнө кайтып барат. Биздин коомдогу эң чоң көйгөй – аялдардын бара турган жери жок. Алар: «Балдарым менен каякка батмак элем, кимге керегим бар эле?» — деп айтышат. Анысын үйүндөгү ур-токмокко алган күйөөсү деле билет: «Кайда бармак эле, келет да», — деп гана коюшат».

Бишкек шаарындагы «Шанс» кризистик борбору өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү максатында ачылган баш калкалоочу жайга келгендерге көмөк көрсөткөн. Аталган борбордун адиси, психолог Адинай Жапаралиеванын айтымында, карантинге чейин күнүнө орто эсеп менен 3-6 аял телефон чалып, жардам сураса, апрель айынын башталышында бул көрсөткүч күнүнө 15-20га жеткен.

«Ал баш калкалоочу жайда психологдор, социалдык кызматкерлерибиз иштеп жатты. Юридикалык жардам керек болсо, юристтерди байланыштырып турдук. Кеңеш берүү телефон аркылуу жүргүзүлдү, анткени карантин эле. А келген аялдарга медайымдарды чакыртып, текшерүүдөн өткөрүп, 3 күн бөлмөсүнөн чыкпай турушту».

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, полковник  Улан Рыспеков зордук-зомбулук, уруп-сабоо фактысы менен колго түшкөн адам 3 сутка гана кармаларын билдирди. Эгерде 3 күндүн ичинде тергөө иштери жүргүзүлүп, иш сотко жетпесе, күнөөлүүлөр коё берилет. Көп учурда жабырлануучу же туугандары тосмо арыз жазып, өздөрү эле айыпкерди чыгарып алышат.

«Толук 3 күн сотко чейинки иштер боюнча тергөө жүргүзүлөт. Эгерде ал убакыт ичинде иш козголо турган болсо, дароо кийинки процедураларга өтөт. Анан көпчүлүгү тергөө иштери болуп жатканда эле тууган-уругу менен келип, тосмо арыз жаздырып, кайра эле күйөөсүн чыгарып алышат».

Аялдардын зордук-зомбулукка кабылышынын бирден-бир себеби: көпчүлүгүнүн толук кандуу билим албагандыгында. Өзгөчө элет жериндеги ата-энелердин айрымдары кыздарын жаштайынан окууга эмес, турмуш курууга үндөйт. Мындан улам көпчүлүк кыздар турмушка даярданбай туруп, күйөөгө тийип кетишет. Психолог Сумая Асановага жардам сурап кайрылган келиндер көбүнчө жубайы, кайын журту өздөрү каалаган мамиле жасабай жатканын айтышат.

«Айымдар өзүн ким экендигин билбегендиктен, өзүн тааныбагандыктан, башка бирөөлөрдөн жылуу мамиле күтөт. Бул — өтө чоң суроо. Мунун көптөгөн себеби бар. Бала кезде толбой калган мээрим болушу мүмкүн, жашалбай калган эмоция сыяктуу. Бирок мен айтат элем, эң негизгиси үй-бүлөнү бекемдөөгө болгон аракеттин жоктугу жубайлардын ортосундагы мамилени алыстатат. Ошол эле учурда аялдар балдарын биринчи орунга коюп, күйөөсүнө жеткиликтүү көңүл бурбай калат. Айта берсе көп, бул маселени бир жактуу карабашыбыз керек». 

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими учурунда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 60 пайыздан ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

Өзгөчө кырдаал учурунда үй-бүлөлүк зомбулук 60 эсе көбөйгөн

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*