Жапаркулова: зомбулукка кабылып 111ге чалгандардын 99%ы аялдар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Жапаркулова карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, балдарга карата зомбулук бир топ өскөнүн айтты.

Карантин маалында түшкөн айрым кайрылууларды алардын макулдугу менен милиция кызматына же райондук, шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жөнөтүп жаттык. Алар жер-жерлерде үй-бүлө менен иш алып барып, тийиштүү жардамын беришти. Бул тууралуу Марина Жапаркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карантин маалында “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору кризистик борборлордун ассоциациясынын психологдору менен да тыгыз иштешкен.

“COVID-19 пандемиясы учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана “Балдар үчүн ишеним телефону” борборун жакшыртуу боюнча долбоор ишке кирди. Бул долбоорду кризистик борборлордун ассоциациясы, Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюму жана Евробиримдик менен биргеликте ишке ашырдык. Негизи 111 номери балдар үчүн кызмат болгону менен ар кандай адамдар жардам сурап кайрылышат. Аларга да көмөк көрсөткөндөн баш тартпайбыз. Май-июнь айындагы чалуулар боюнча статистиканы карап көрсөк, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 17 кайрылуу түшкөн. Мунун 99 пайызы аял кишилер болгон. Ал эми 2020-жылдын ушул айларында 66 кайрылуу болду. Мында дагы беш жаш кыздан, калганы аялдардан чалуу түшкөн. Бул карантин убагында зомбулуктун күчөгөнүнөн кабар берет”, — деди Жапаркулова.

Ал үй-бүлөдө зомбулук болуп жатса, балдар 111 номерине чалып, кеңеш алуусу керектигин кошумчалады.

https://m.sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*