7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

Сунушталып жаткан мыйзам күчүнө кирип калса үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөткөн адам тергөө бүткөнгө чейин камактан чыгарылбайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарды 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратып жазалоо мыйзам долбоору сунушталып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутат Исхак Пирматов азыркы мыйзамдар боюнча күйөөсү аялын сабап, ден соолугуна катуу зыян келтирсе да тергөөчүлөр үч сааттан ашык кармай албай турганын айтты. Өзгөчө учурда гана 48 саатка камоого болорун белгиледи. Ал үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу максатында мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирди.

“Биз азыр аялын же башка үй-бүлө мүчөсүн сабаган факты катталса жана видеодалилдер болсо шектүүнү тергөө бүткөнгө чейин камакта калтырууну сунуштап жатабыз. Буга таяк жеген аялдын арыз жазышы кажет эмес. Ошондой эле тосмо арыз жазуу жана элдешүү деген категорияларды алып салдык. Тергөө бүткөнгө чейин ата-эне, бир тууганы, айыл өкмөтү болобу, эч ким кирише албайт. Эгер жабырлануучу кечире турган болсо сот процессинде гана эске алынат”, — деди Пирматов.

Мындан сырткары, буга чейин үй-бүлөлүк жаңжалга баргандарга 30-60 миң айып салуу каралганын айтты. Бирок ал кайра эле үй-бүлөлүк бюджетке сокку ургандыктан айып салуу беренесин четке кагуу демилгеленүүдө.

Учурдагы мыйзам боюнча бир факты катталса эскертүү иретинде күйөөсүнө кайтаруу ордери берилет. Бирок андагы нормаларды сактабай, кайра эле сабай берсе катуу чара көрүү каралган эмес. Сунушталган мыйзам күчүнө кирсе кайтаруу ордеринин талабын бузуп, экинчи ирет зомбулук көрсөткөндөр 5-7,5 жылга чейин кесилет.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров, Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев, Таалайбек Масабиров бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, “атасы камалып кетсе балдарын ким карайт?” деп жазанын башка жолун кароо керектигин айтышты.

Буга депутат Евгения Строкова жаңжалдын үстүндө чоңойгон балдар психикалык жактан оорулуу болуп каларын белгилөө менен жооп берди.

Демилгечи Пирматов болсо сунушталган мыйзамда зомбулук жасаган адамды камоо эң акыркы жол экенин эскертти.

“Аялынын бетине бензин чачып күйгүзгөн, кайнак суу чачкан, катуу сабаган фактылар бар. Жубайын өлтүрүп койгон учурлар да катталууда. Ушундай зомбулукка барган адам бир ай тергөө абагында отуруп турса бир жери түшүп калмак беле. Эч нерсе болбойт. Жарашчу ою болсо сотто көрсөтмө бере берет”, — деди Пирматов.

Ал эми Элвира Сурабалдиева 18 жашка чыга элек кыздарды турмушка берүүгө тыюу салып, жазаны күчөткөндө гана бул маселе токтогонун мисал келтирди. Демек, чекеден эле баары камалып кетпей турганын, жазаны күчөтүү менен зомбулуктун алдын алууга болорун айтты.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*