Мойнуна дөңгөлөк илинип мазакталган аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды

Буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Ал киши кармалып, райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Күйөөсү мойнуна дөңгөлөк байлап мазактаган аял аны кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

“Жабырлануучу аялдын арыз жазганына карабай тергөө иштери уланууда. Иш тергелип бүткөн соң сотко өткөрүлөт. Шектүү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында”, — деди Жээнтаев.
 
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Жабыркаган келиндин жазган арызынын негизинде ал киши кармалып, райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган. Ага Жоруктар кодексинин 75-беренеси (“Үй-бүлөдөгү зомбулук”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Камакка алынган кишинин 52де экени айтылды.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*