Апам “ажырашсаң, балдарыңды таштап кел!” – дейт. Барар жери жок келиндин баяны

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган жаш келин редакцияга кеңеш сурап кат жазды.

Турмушка чыкканыма төрт жыл болду, 2 уулубуз бар. Күйөөмдүн кыялы жаман, ачуусу бат келет, өзүнүкүн бербейт. Кечке мени сабайт. Мына, кечээ эле бүт денемди көгөртө урду. Бирок, ичпейт, чекпейт.

Апамдарга айтсам, “ажырашчу болсоң, балдарыңды алып келбе, өзүң кел!” – дешти. Балдарымды таштап кантип кетем?! Кичүүсүнө эми араң 6 ай болду. Ажырашайын дейм, бирок балдарымды ойлом, жашайын дейм, бирок, бат-баттан токмой жей берип тажадым.

Ишенесизби, күйөөм мага эч нерсе алып бербейт, акча жок дей берет. Суранам, мага кеңеш бериңизчи!

Адистер кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Барар жериңиздин жоктугу жана күйөөңүз кол көтөрсө да, туугандарыңыздан колдоо таба албаганыңыз өтө өкүнүчтүү.

Бирок, ден соолугуңузга жана өмүрүңүзгө коркунуч туулуп жатса, балдарыңыз менен кетүүгө даяр болсоңуз, кризистик борборлорго кайрылыңыз. Алар психологиялык, юридикалык жардам көрсөтүп, зордукчу күйөөңүздөн коргойт.

Аялдар күйөөлөрүнө кол көтөрүүгө уруксат бергени абдан өкүнүчтүү, балким, кичинеңизде үй-бүлөңүздө бул сыяктуу көрүнүш болгон, ошондуктан, ата-энеңиз муну норма катары кабыл алып, жардамга келген жок.

Тилекке каршы, биздин менталитетте, аялдарды ур-токмокко алуу – калктын көп бөлүгү тарабынан кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат.

Жашооңуз жакпай жатабы, чыдап, туугандардан жардам күтүп жүрө берүүнүн кереги жок! Көйгөйдү жашырбай, ачык айтып, кризистик борборлорго барып же чалып, юрист, психологдордон консультация алыңыз.

Кээде эркектин психикасында көйгөйлөр болсо, өзүн-өзү көзөмөлдөй албаса, үй-бүлөдө зордук-зомбулук орун алат. Эркектин мындай жүрүм-турумунан аял гана эмес, ортодогу балдар дагы жабыркайт, психикалары бузулат. Эркек балдар зордукчунун жүрүм-турумун үйрөнүп, кыздар кийин күйөөлөрү урса да унчукпаган курмандык болуп чоңоет.

Турмушка чыккандан кийин балдарды карап үйдө олтурсаңыз, бирок күйөөңүз акча бербесе – экономикалык, басынтса – психологиялык, урса физикалык зомбулук болуп саналат. Ушунча зордукка чыдап олтурганыңыз таң калтырат. Бул нормалдуу эмес! Өзүңүздү коргоого жана коргоо издөөгө укутуусуз! Күйөөңүздүн сизге кол көтөрүүгө эч кандай акысы жок! 

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулованын пикиринде кылмыштын бетин ачпаса, күчөй берет.  

“Аюуда болсо эрим болсун”, “Балдарым жетим калбасын”,  “Ушул мени багып жатат”, “Жаман болсо да, өз атасы да” – деп зомбулукка баш ийип жүрө берген аялдар жок эмес. Эч ким үй бүлөнүн бузулушун каалабайт. Бирок, эртеден-кечке зомбулук көргөн эне балдарга жакшы тарбия бере албайт, ден соолугунан ажырайт. Кылмыштын бетин ачпаса, ал күчөй берет. Андыктан чыдагандын да чеги болот. Бир жолу кол көтөргөндө унчукпай койсо, кийин анысы адат болуп калат. Биз менен байланышыңыз, борбордун ишеним телефону 0 (312) 51-26-40, дарегибиз Бишкек шаары, Табышалиева көчөсү 3.

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева зомбулукту ачык айтуу керек дейт:

Урматтуу окурман, башыңыздан өтүп жаткан зомбулук жөнүндө ачык айтканыңызга чоң рахмат! Бир дагы аялга кадыр-баркын басмырлаган зомбулук жасалбашы керек. Аялдарга, балдарга карата зомбулук жасалганда, мамлекет аларды коргоого алат. Мындай кордукка чыдай берсеңиз, эртең ден соолугуңуздан ажырайсыз. Өзүңүзгө же балаңызга  жардам бере албай оорулуу болуп каласыз. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк таап 102ге (милиция) же 112ге чалыңыз. Милиция сизге коргоо ордерин берет. Коргоо ордери – бул мамлекет аялды зомбулуктан коргоого алат деген документ.

Ал күйөөңүзгө эки шарт коет:

1) урганды дароо токтотуу;

2) кичинекей балдар менен байланышууга тыюу салуу.

Кризистик борборлорго, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы, бейтапканадагы дарыгерлерге кайрылыңыз. Сизге көмөк көрсөтчү кризистик борборлор:

1) “Шанс” кризистик борбору, (0312) 613 227; (0709)710320;

2) “Сезим” кризистик борбору, (0312) 316 466;

3) Баланын укуктарын коргоо лигасы, (0312) 662 587.

Зомбулук фактылары боюнча каякка кайрылуу керек? Даректер, телефондор

https://bilesinbi.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*