Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби боюнча практикалык колдонмонун долбоору иштелип чыкты

Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби боюнча практикалык колдонмонун долбоору иштелип чыкты

Бүгүн, 21-июнда Супара этно-комплексинде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери тарабынан консультациялык-укуктук жардам  көрсөтүү тартиби боюнча практикалык колдонмонун долбоорун, МКЮЖ субъекттеринин отчеттуулук долбоорун жана башка документтерди иштеп чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун жыйналышы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” (МКЮЖ) Мыйзамына ылайык, мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар жана МКЮЖ системасына кирген башка түзүмдөр консультациялык укуктук жардам көрсөтүүсү керек.

Иштин жүрүшүндө ар бир мамлекеттик органдын ишмердүүлүк чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен практикалык колдонмонун долбоору иштелип чыкты. Ошондой эле, МКЮЖ системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенишүүсүн ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты. Жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан МКЮЖ субъекттерине консультациялык укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө отчеттуулуктун формасынын долбоору боюнча конкреттүү сунуштар берилген.

МКЮЖ  координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Рыскулова Жылдыздын айтымында, калкка сапаттуу консультациялык укуктук жардам көрсөтүү үчүн МКЮЖ субъекттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Өкмөттүн токтомунун ченемдерин практикалык ишке ашырууга жетишүү зарыл.

Ошондой эле жумушчу топтун катышуучулары МКЮЖ жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, укуктук жардам көрсөтүүнү автоматташтыруу маселеси боюнча сунуштарды беришти, бул болсо МКЮЖ катышуучуларына алардын ортосунда андан да натыйжалуу жана ыкчам өз ара аракеттенишүүгө мүмкүндүк берет.

Ведомство аралык жумушчу топко МКЮЖ КБ, юстиция, ички иштер, социалдык өнүктүрүү министрликтеринин, Жогорку соттун, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, каттоо кызматынын, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар кирет.

Жолугушуу БУУӨПтүн жана Финляндия Өкмөтүнүн “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн иуруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу МКЮЖ  координациялоо боюнча борбору тарабынан өткөрүлүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*