Ош шаарында 60 жаштагы аял уулу жана күйөөсүнөн зомбулук көрүп келгени айтылууда

Ош шаарында 60 жаштагы аял уулу жана күйөөсү тарабынан зомбулук көрүп жүргөнүн айтып, “Ак жүрөк” кризистик борборуна кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди.

Анын айтымында аял кечээ, 24-апрелде кайрылган.

“Бизге аял жактоочусунун жардамы менен кайрылган. Ал өз сөзүндө жолдошу менен уулунан көп жылдан бери зомбулук көрүп жүргөнүн айтат. Мындан улам биринчи топтогу майып да болуп калган. Биз бул боюнча Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жана Ош шаардык милициясына кайрылдык. Учурда бардык жагдай текшерилүүдө”, – деди Асилбекова.

Мындан башка маалыматтар зомбулук көргөн аялдын коопсуздугу үчүн берилбей турганын кошумчалады ал.

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/270133/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*