Депутат: “Жаңы автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыктуу эмес экен”

 

Бишкекке жаңы келген автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган эмес экен. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламентте депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечиш керек. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова бул маселе боюнча жумушчу топ иш жүргүзүп жатканын айтты.

Бүгүн Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар көрсөтүлдү. Алар газ менен жүрөт. Автобустардын жалпы саны 60ты түзөт. “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы” муниципалдык мекемесинин директору автобустар 300 миллион сомго сатып алынганын билдирди.

30 орундуу автобуска 80 киши батат, ичине 8 камера орнотулган. Жаңы автобустар 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүндө ишке берилип, жүргүнчүлөрдү тесттик режимде ташый баштайт.

https://www.super.kg/kabar/news/269993/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*