Бишкекте майыптар үчүн пандустар орнотулууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников

Борбор калаадагы “Эмен багы” паркына, жаштар аллеясына жана өкмөт скверине коюлат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. “Тазалык” мамлекеттик ишканасы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотууну улантууда. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бүгүн Борбор калаадагы “Эмен багы” паркына, жаштар аллеясына жана өкмөт скверине коюлат.

“Буга чейин жалпысынан майып адамдар менен балдар арабасын сүйрөгөн энелердин жүгүн жеңилдеткен 11 пандус орнотулган”, — деп билдиришти мэриядан.

Маалыматта алардын баары өзүнүн эрежеси, коюлган талаптарга жооп берген шарты менен коюлганы жана бул иштер дагы уланары айтылган.

Буга чейин интернет айдыңына троллейбустун айдоочусу майып балдарды ташуудан баш тарткан видеосу тараган.

https://sptnkne.ws/kk6F

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*