Президент Жээнбеков майыптарга 5 млн. сом бөлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бүгүн майып адамдардын эл аралык күнү белгиленет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата социалдык стационардык мекемелерге жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, президент резервдик фондунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 миллион сомдон, жалпы 5 миллион сом бөлдү.Жээнбеков буга чейин кайрылуу жасап, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо мамлекеттин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын айткан.

https://sptnkne.ws/kk6B

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*