Ошто кыз-келиндерге зомбулук кылбоого чакырган аллея ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында “Сары кол чатыр” деп аталган аллея ачылат. Кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналган бул жайды мэрия өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге уюштурууда.

Аллеянын ачылышы 27-ноябрда болот. Бул саамалык аялдардын укугун коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында ишке ашып жатат.

 “Дүйнөнү кызгылт-сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын коргоо үчүн” деген ураан менен эл аралык 16 күндүк өнөктүк жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин уланат.
26-ноябрь, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*