МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРДЫН ЭНЕЛЕРИ ТИГҮҮЧҮЛҮКТҮ ҮЙРӨНҮП ЖАТЫШАТ

Ош облусунун Нариман айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тигүүчүлүктү өздүштүрүп жатышат. Үйрөнүү курсу акысыз жүргүзүлүп, 25 аял тартылган. Бул үчүн айыл өкмөт жетекчилиги атайын бөлмө ажыратып берген. Ал эми тигүү машиналар менен керектүү эмеректерди “Менин үйүм-менин тирегим” фонду каржылады.

Фонддун жетекчиси Анара Жоробаеванын маалымдашынча, курска жалпы 25 аял тартылган. Алар жаз мезгилинен бери тигүүчүлүктү өздөштүрүп жатышат. Эми мындан ары үйлөрүндө балдарын кароо менен кийимдерди тигип, киреше таба алышат.

Мындан сырткары  психологдор мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кам көрүү, аларга туура мамиле жасоо боюнча да окутууларды өтүп жатышат.

Нариман айыл өкмөтү боюнча жалпы  мүмкүнчүлүгү чектелген 230 бала бар.

НУРЖАМАЛ БАРГЫБАЕВА

26.11.2018

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тигүүчүлүктү үйрөнүп жатышат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*