«Тилектештик автобусунун» ноябрь-декабрь айларындагы графиги

 

“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу алкагында профессионалдуу юристтер жер-жерлерге барып, юридикалык маселелер: доо арызын жана башка арыздарды, ходатайство каттарын, сот жана укук коргоо органдарына арыздарды жазуу, мураскерликти каттоо, алимент алуу, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүү боюнча жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында кеп-кенештерди беришет.

“Тилектештик автобусу” Ош жана Чүй облусунун айылдарына жана алыскы элдүү пункттарга жүрүш уюштурат.

“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөктөшүү жана укуктарын түшүндүрүү. Жер-жерлерге барып, элге укуктук жардам көрсөтүү иши 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган “Элдин укук маданиятын жогорулатуу Концепциясы” токтомун жүзөгө ашыруу алкагында болуп жатат.

Концепциянын приоритеттүү милдеттеринин бири – инсандын коомдогу укук ченемдүү жүрүш-турушун жана мыйзамды сактаган жаранды калыптандыруу. Концепциянын негизги милдеттери катары укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү, укуктук тарбия берүү практикасынын методдорун жакшыртуу, массалык маалымат каражаттары жана мамлекеттик органдар аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, адам укугун сактоо маданиятын жайылтуу каралган.

05.11.2018

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*