Нурбек Алимбеков, Жогорку Кеӊештин депутаты: Көзү азиз адамга бир бөлмөлүү батир, муктаждарга 40 саан уй бердик — Видео

—Нурбек мырза, өткөн жумада парламентте  өкмөттүн кышка даярдык маселеси талкууланды. Даярдык сиздин купулга толдубу?

 —Өткөн жылы өкмөттүн кышка даярдыгы начар болуп, ТЭЦте авария катталбады беле. Быйыл өкмөт ошол маселени эске алып, “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет”- дегендей быйыл жакшы эле даярданышса керек. ТЭЦтин техникалык жактагы кемчиликтерин баарын текшерип, ар бир тетигин кылдат карап чыгышты болуш керек. Айтор, өкмөт кышка даярдыгыбыз жакшы деп ишенимдүү айтышты. Мен да көмүр маселеси боюнча бир катар суроолорду бердим. Негизи биздин ТЭЦке 1 миллион тонна көмүр керектелет. Ошонун 600 миӊ тоннасы өзүбүздөн ташылып келет. Анын 550 миӊ тоннасы Кара-Кеченики, 50 миӊ тоннасы Таш-Көмүрдүкү. Калган 400 миӊ тоннасы дагы эле Казакстандан ташылып жатат. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун айтымына караганда биздин көмүр ТЭЦке келгенче кымбат болуп жатыптыр. Казакстандан ташылып жаткан көмүрдү жылына 50 миӊ тоннадан азайтабыз деп билдиришти.  Менимче, кымбат болсо да, өзүбүздөн эле ташыганыбыз оӊ. Өзүбүздүн көмүр кенен. Сапаты да жакшы. Ошон үчүн кандай болгон учурда да өзүбүздүн көмүрдү казып алып турсак, пайдасы чоӊ болот. Болгону карьерлерге техника ж.б. тиешелүү шарт түзүп берип, баа саясатын көзөмөлгө алуу зарыл.

—Өкмөт контрабанда жолу менен ташылып жаткан товарларга чара көрө албай жатат деген сындар көбүрөөк айтылып жатат. Бул боюнча сиздин пикирди угалы…

 —Чынында контрабандалык жолдор менен ташылган  товарлар абдан эле көбөйүп жатат. Мен да бул маселе боюнча өкмөткө кайрылгам. ЕврАзЭСтин эӊ башкы талабы чек аралар ачык болушу керек да. Ошон үчүн чек ара бекетине салык кызматкеринен алып барып коюшту. Ал деле натыйжа бербеди. Азыр  бул ишти Чек ара кызматкери аткарып жатат го. Эми алар кирип чыккан машинаны каттап эле коюшат экен. Баарыбыз билгендей: контрабандалык жолдор менен ГСМ, кумшекер, ун, курулуш материалдары көп ташылып жатат. Өкмөткө бул маселени көп эле айтып жатабыз. Менимче, өкмөттүн да өзүнүн планы болсо керек.

—Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшкө кандай баа бересиз?

 —Жогору эле баа берсек болот. Күрөш жакшы деӊгээлде жүрүп жатат. Мындан да катуу жүрсө мамлекетибизге пайдасынан башка зыяны болбойт. Ар ким коррупцияга каршы күрөштү ар кандай кабылдап жатат. Тандоо иретинде жүрүп жатат дегендер да арбын. Айтор, пикир бир кылка эмес. “Эл оозунда элек жок”, “Калк айтса, калп айтпайт” деген да бекеринен айтылбаган сөздөр бар эмеспи. Кыскасы,  коррупцияга каршы күрөш токтобой, мындан да күчөп, тазалануу, катуу тартип болуп турса дейт элем.

 Кайрымдуулук жана атаӊыз тууралуу сурайын. Жакында атаӊызга президент ардактуу наам берди. Мына ушул эки маселе тууралуу учкай маалымат берсеӊиз?

—Кайрымдуулук иштерин колубуздан келишинче жасап жатабыз. Бул иш чынында ыйык иш эмеспи. Жакында эле атабыз менен кеӊешип, Ош шаарында көзү азис Нуркамил уулу Асилбекке  бир  бөлмөлүү толук бүткөрүлгөн үй бердик. Ал адамдын балдарынын да да көзү азис болуп туулган экен. Мындан тышкары, жардамга муктаж жесир, жетимдерге жардам деп 40 үй-бүлөгө саан уй таратканбыз. Чынында жардам сурап кайрылгандар көп эле болот. Биз шартыбызга карап, аларды кур кол кетирбегенге аракеттерди кылып жатабыз. Ал эми менин атам биздин айылда биринчи англис тилинен сабак берген мугалим. 45 жыл мектепте англис тилден сабак берди. Завуч болду, мектеп директору болуп иштеди. Башталгыч класстар боюнча окуу усулдарын, пособияларын жазып чыккан. Социалдык мелдештердин жеӊүүчүсү болгон. Пенсияга чыккандан кийин да, тагыраагы 1990-жылдардын кийин баары таланып-тонолуп, чекесинен сатылып  жатканда колхоздогу бала-бакчаны тонотпой өзү демилгелеп сактап калган. Биз  13 бир тууганбыз. Ал кезде мамлекеттик кызматтарда эмес элек, өзүбүздүн ишибизди кылып жүргөндө атам ошол бала-бакчага өзүнүкүнөн тышкары  бизге да акча топтотуп жалпысынан  3 миллион сом сарптап, оӊдотуп-түздөтүп койгон. Азыр ал бала –бакчада 100 бала тарбияланып жатат. Бул жеке менчик бала-бакча эмес, мамлекеттики. Сооронбай Шарипович Ошто губернатор болуп турганда биздин айылга барып социалдык имараттардын ачылышына катышып, атамдын эмгегинен кабар алып жүргөн. Президент атамдын эмгегин эске алып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наамды ыйгарды.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

30.10.2018

Нурбек Алимбеков, Жогорку Кеӊештин депутаты: Көзү азиз адамга бир бөлмөлүү батир, муктаждарга 40 саан уй бердик — Видео

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*