Балдарды саткан мафиянын карааны

Ички иштер министрлигинин маалыматында, Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын документтери жана атайын мөөрлөрү болгон. Алар документ жасап жүргөн. Кармалгандардын артында атайын топтор да болушу ыктымал.

Кыргызстанда жарым жылда 351 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр 11 кыргызстандык баланы багып алган.

Баланы асырап алуу оңой процедура эмес. Көптөгөн жарандар бул үчүн толгон-токой документ топтоо керектигин, жылдап кезек күтөрүн айтып келишет. Мунун өзү төрөт үйүнөн кагаздарды “тууралай” коюп, баланы ошол жактан эле кадимкидей акча төлөп алып кетүү фактыларын жаратууда. Бала сатууга байланыштуу Бишкектеги дарыгерлердин кармалышы ушул багыттагы көйгөйдү күн тартибине алып чыкты.

“Бала асырап алам” деген маалыматтар Интернетте, социалдык тармактарда ачык эле жарыяланып, аларды оңой эле табууга болот. Алар мыйзамдуу жол менен бала багып алганга караганда, турмуштан кыйналган, баласын багууга бере турган келиндерди өздөрү таап, алар менен сүйлөшүп алууну оңой деп эсептешет. Андай аялдардын бири менен телефондон байланышып, бала багуунун кандай жолун издеп жатканын сурадык.

– Жолдошум экөөбүз балалуу боло албай жүрөбүз. Ооруканага, башка жактарга көрүнсөк тыянак жок. Бирөөлөр “Инстаграм” аркылуу кыз багып алыптыр, үч ай болуп калды, төрөгөн келин менен сүйлөшүп алган экен. Мен дагы жазып көргөм. Мыйзамдуу түрдө багып алалы десек ага көп документ чогултуш керек экен. “Кезекке туруп, алты ай күтүшүңөр” керек дешти. Ошондуктан баласын берем деген келин менен сүйлөшүп көрүп баласын багып алат элек. Турмуштан кыйналган кыз-келиндер бар да. Эс тарта элек бала болсо жакшы болмок. Төрөт үйүнөн эле өзүм төрөдүм деп жаздырып, алып кетсемби деген оюм бар эле. Азыр көбү эле ошентип калышпадыбы. Мыйзамдуу алайын десең ар кайсы жакка чуркатып, убара кыла берет экен.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы 825 баланы кыргызстандыктар асырап алса, анын 12син чет өлкөлүктөр багып алган. Быйыл жарым жылда асыроого берилген наристелердин саны 351ге жетти. Ал эми чет өлкөлүк жарандар 11 баланы алып кетишкен.

Гүлзина Бообекова
Гүлзина Бообекова

Министрликтин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова, кыргызстандыктар көбүнесе үч жашка чейин жана дени сак балдарды асырап алууну каалашат.​

– Кыргызстанда процедуранын баары татаалдашкан деп ойлошот. Бирок башка өлкөлөрдө деле, Орусияда, Казакстанда деле ушундай документти топтошот. Бала багууну каалаган жарандар менен сүйлөшүп, эмне себептен асырап алат, ага тийиштүү деңгээлде тарбия бере алабы – мына ушул мүмкүнчүлүктөрү каралат. Андан кийин тиешелүү тогуз документти чогултуп, тапшырышы керек.

Ал кайсы документтер?

– Асырап алууга шарты бар экендиги тууралуу арыз;
– Арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
– Нике жөнүндө күбөлүк (жубайлар үчүн);
– Жашаган жеринен жана үй-бүлөлүк курамы тууралуу маалымкат;
– Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экенин тастыктаган жергиликтүү башкармалыктын маалымкаты);
– Турак жайы тууралуу менчик укугун ырастаган документ;
– Соттолбогондугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты;
– Арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду;
– Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө.

Иллюстрация. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.
Иллюстрация. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.

 

Бала асырап алуу үчүн акча төлөнбөйт, болгону документтериңизди тапшыргандан кийин, акыркы чечимди сот чыгарат. Бардык документтер берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу болуп саналат.

Өкмөт “өз балдарын Кыргызстан биринчи кезекте өзү асырап алуусу керек” деген көз карашта жана бул мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Андыктан азыркы мыйзам боюнча ата-энеси ар кандай шартта баш тарткан учурда оболу алардын эң жакын туугандары изделет, болбосо бала асырап алуучуну Кыргызстандын ичинен, андан кийин гана чет жактан издөөгө уруксат берилет.

Бирок жергиликтүүлөр үчүн деле бала асыроо оңой процедура эмес. Көптөгөн жарандар бул үчүн толгон-токой документ топтоо керектигин, багып алууну каалагандар жылдап күтөрүн, айрымдары андан тажаганынан аягына чыкпай таштап коёрун айтып даттанышат.

Мунун өзү төрөт үйүнөн кагаздарды “тууралай” коюп, баланы ошол жактан эле кадимкидей акча төлөп алып кетүү фактыларын жаратууда. Буга Бишкекте бала сатууга шектелип дарыгерлердин тобу кармалган факт далил боло алат. Ички иштер министрлиги бала сатууга шектелип кармалган дарыгарлердин учугу Бишкек, Чүй, Казакстанга чейин жетип жатканын, анын арты менен бир топ жаңы жагдайлар чыга турганын билдирүүдө.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Гүлзина Бообекованын белгилешинче, өткөн жылы ата-энеси баш тарткан же ар кандай жагдайда таштап кеткен 52 учур катталса, 2018-жылы 18 ымыркай эне мээриминен өксүгөн.

– Энеси баш тартса же ташталган бала болсо дагы анын башка туугандарын издейбиз. Алгач жакын туугандарын тапканга аракет кылабыз, бир нече убакыттан кийин гана жол-жобосу менен, кезекте турган Кыргызстан жарандарына көргөзөбүз. Учурда 225 кыргызстандык бала багып алуу үчүн кезекте турат. Ал эми асырандыга бериле турган мамлекеттик маалыматтар банкында 220 бала турат. Бирок мунун баары эле асыроого кетчүлөр эмес. Алардын көбү майып, гидроцефалия, микроцефалия, ж.б. аябай оор түрүндөгү дарттары бар балдар. Алардан ата-энелери баш тартып, мамлекеттин кароосуна өткөрүп берип койгон.

Чет элдиктерге берилген балдар

2009-жылы кыргызстандык балдарды чет мамлекеттин жарандарына асыроого берүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар бар экени белгилүү болгон. Ошондо атайын түзүлгөн депутаттык комиссия бир бала үчүн чет өлкөлүктөр коррупциялашкан жергиликтүү мекемелерге 36 миң доллар пара берерин эсептеп чыккан.

Ал эми эл арасында “балдарды ички органдарын сатуу үчүн алып кетип жатышат” деген сөз тараган, бирок далил табылган эмес. Ошондон кийин чет жакка асыроо боюнча мораторий киргизилип, бирок 2012-жылы укук коргоочулардын жана айрым депутаттардын демилгеси кайра алынып салынган. Бул багыттагы жемкорлукка жол бербөө максатында жобого бир катар жаңы талаптар кирген.

Бала кучактаган эне.
Бала кучактаган эне.

 

Маселен, бул ишти уюштуруучу уюмду расмий каттоого алуу үчүн анын 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар болушу керек. Эгер мурда аккредитациядан өтүүчүлөрдүн саны чектелген болсо, ал талап алынып салынган. Ошону менен катар баланы асыроого берип жаткан чиновниктердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Бообекова 2011-жылдан бери 87 баланы чет өлкөнүн жарандары багып алышканын белгиледи.

– Быйыл жарым жылда 11 бала асырап алууга берилди. Аларды АКШ, Швеция, Финляндия жана Канаданын жарандары багып алышты.

Бир эле Москва шаарынан эмес, Новосибирск, Красноярск, Барнаулдан да алып келип жатабыз. Жалпысынан 85 бала алып келинди. Алардын 12си өз үй-бүлөлөрүнө кайтарылды.
Гүлзина Бообекова.

Мындан сырткары 2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шааларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Ушул жылга чейин 85 бала алып келинип, айрымдары өз туугандарын тапты.

– Бир эле Москва шаарынан эмес, Новосибирск, Красноярск, Барнаулдан да алып келип жатабыз. Жалпысынан 85 бала алып келинди. Алардын 12си өз үй-бүлөлөрүнө кайтарылды. 52 бала соттун чечими менен асыроого берилген, тогузу камкорчулукка берилген. Калган 12си балдар мекемелеринде тарбияланып жатат. Орусиядан алып келинген балдардын бардыгынын эле ден соолугу мыкты деп айтуудан алыспыз. Жүрөгү ооруйт же ички органдары жабыркаган.

АКШдан ата-эне тапкан балдар​, 20-июнь, 2018-жыл

 

 

Кылмышка шыкак берген мыйзамдагы жылчыктар 

“Балдар укугун коргоо” уюмунун адиси Кумар Эргешова бала асырап алууга байланыштуу мыйзамдарда жылчыктар бар экенин, бул ар кандай кылмыштарды жасоого жол ачып жатканын белгилеп жатат.

Укук коргоочу энелердин жоопкерчилигин жогорулатып, баласын соодалаган, асырап алуу үчүн каражат жумшагандын өзү чоң кылмыш экенин элге жеткирүү зарыл деп эсептейт.

– Мыйзамда жылчыктар көп экен. Жөнөкөйлөткөн жагдайлары бар. Ар бир райондун социалдык өнүгүү башкармалыгына барып, каттоого туруп, мыйзамдуу жолу алса болот. Бирок биз дароо алгыбыз келет. Азыр үч дарыгер шектүү болуп кармалды деп жатат. Баланы алмаштырып коюп, бирөөнүн баласын башкага сатуу жеткен наадандык. Абийири менен намысын акчага гана байлап коюшкан. Жарандарга да түшүндүрүш керек. Азыр “Инстаграмда” көп чыгып жатат. Карын эне дегендер, баламды берет элем дегендер пайда болду. Эненин жоопкерчилиги жоголуп баратат. Төрт-беш баланы төрөп алып, андан кийинкисин баккысы келбегендер да бар. Сүйлөшүп, акча берип ыраазы кылган күндө дагы кийин ал аял сени кийин коркутпайт деп ким кепил болот?!

7-сентябрда баланын тагдыры менен ойноп, тогуз ай көтөрүп, толготуп көз жарган келиндин көз жашына карабай ымыркайын чарчап калды деп көрсөтүп, аны башка адамга соодалаган деп шектелген дарыгерлердин тобу кармалып, коомчулукту бир сыйра сестентти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, убактылуу кармоочу жайга камалган дарыгерлердин, бала сатууга байланыштуу козголгон кылмыш иштин арты менен дагы бир топ фактылар калкып чыгат деген божомолдор бар. Маалыматка караганда, алардын тамыры Чүй, Казакстандан да табылууда.

Тапичкелер. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.
Тапичкелер. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.

– Балдарды сатуу фактысы боюнча бизде маалыматтар болгон. Анын негизинде иликтөө иштерин көп убактан бери жүргүзүп келгенбиз. Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын бардыгында өздөрүнүн документи, атайын мөөрлөрү болгон. Суранычтар менен акча-тыйын алгандары бар, айрымдары жакын туугандарга ортомчу болуп балдарга документтерди даярдап берген. Ошол себептүү азыр үчөө №1 тергөө абагына камалды. Андан сырткары ушуга тиешелүү бир катар шектүү дарыгер кызматкерлер бар. Алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Атайын топ иштеп жатат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында мунун артынан дагы көп нерселер такталышы керек. Мындан да көп фактылар чыгышы мүмкүн болуп жатат. “Менин тууганым” эле деп кол койдуруп кеткен учурлар да болду. Мындан сырткары да топтор чыгышы мүмкүн.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу бала сатууга шектелип кармалган дарыгерлердин аты-жөнү жана иштеген жери айтылган жок. Маалыматка караганда алар Бишкектеги ар кайсы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт. Айрым маалымат каражаттары ал тургай кармалган учурда медиктердин автоунаасынан балдардын жансыз денелери табылганын жана бул иштин артында чет элдик жарандар турганын жазды.

Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча иликтөө баштаганын жарыялашты. Министрликтин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева соңку фактыдан кийин мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баары текшерүүдөн өтөрүн билдирди.

Бала сатууга шектелип кармалган дарыгерлердин үстүнөн айрым бейтаптар арызданып, негизсиз акча алганы, самын сыяктуу майда-барат каражаттарды алдырганы тууралуу айтып даттанышканы маалым болду.

ИИМдин маалыматында, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин (“Адам сатуу”) негизинде соңку он жылда 118 кылмыш иши козголгон. Мунун ичинде бала сатуу фактылары да кирет. Алардын бешөө ушул жылы Бишкекте катталган.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

 

17-сентябрда БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Бишкек шаарындагы интернаттык жана медициналык мекемелерде ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу учурлары тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

“Ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу – алардын укуктарын өтө одоно бузуу. Ымыркайларды жана бала сатуунун алдын алуу үчүн ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарын ар бир окуяны терең иликтеп, келечекте мындайды болтурбоо үчүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык болгон чараларды көрүүгө чакырат” деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда дарыгерлердин жана ата-энелердин өздөрү балдарын бейтааныш адамга сатып жиберген окуялар соңку төрт жылдан бери ачыкка чыга баштаган. Алардын кээлеринде дарыгерлер катышканы айтылса, айрымдарында энелери өздөрү ымыркайларын соодалаганы кабарланган. Укук коргоочулардын айтуусунда, Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар көп катталат.

Укук коргоочу Кумар Эргешова кылмышка аралашкандарды жоопкерчиликке тартып, бул оор кылмыш экенин элге жеткириш керек экенин белгиледи.

– Негизинен бул жагын аябай катуурак кармаш керек. Коомчулукка жеткириш керек. Бала сатып алуу деген болбойт. Бирөөдөн багып алсаң дагы ортодо акча маселеси ойносо – бул сатууга жатат. кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп түшүндүрүш керек. Жекеме- жеке сүйлөшпөй, мыйзамдын чегинде алыш керек. Бала багып алган учурда деле анын документин кантип жасайт, ким жасап берет? Бала сеники экенин кантип далилдейсиң?!

Социалдык тармактар аркылуу “Бала багып алам” дегендердин дагы бири кантип бала багып алганын айтып, журналист экенибизди белбей туруп бизге да кеңеш берди.

– Бала багып алдык, Кудайга шүгүр. Болсо дагы эле ала беребиз, балдар үйүнө да чуркап жүрөбүз. Бул чоң процесс, менин толук документтерим бар. Бала алыш кыйын экенин билесиң да. Социалдык өнүгүү башкармалыгына кезекке туруп коюшуң керек. Анан төрөп, таштап кетем дегендерди Интернеттен карап, байкап тур. Туугандарга табышта. Ошол маалда баласын берем деген келин менен сүйлөшүп аласың. Эгер кезекте турбасаң башкага берип таштайт. Бул баары милиция аркылуу бүтөт. Иши кылып кезекке туруп кой, башка майда-чүйдөсүн айта албайм сага.

Багып алган баласы канча жашта, төрөп таштаган келинге акча бердиби же жокпу, кезекти кантип алдыга жылдырды деген суроолорубуз жоопсуз калды.

Бала жытынан айрыган тукумсуздук

Кыргызстанда бала асырап алууну каалаган үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүүдө. Буга аялдар жана эркектер арасындагы тукумсуздук көйгөйү себеп болууда.

“Репродуктивдүү ден соолук альянсынын” маалыматына караганда, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк түгөйлөрдүн 38% аял же эркек тараптын тукумсуздук маселесинен жабыркайт. Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун экскорпорациалдык уруктандыруу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Өтөгөнова Кыргызстанда төрөй турган курактагы аялдардын 15% тукумсуз экенин билдирди.

УЗИде текшерилип жаткан аял. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.
УЗИде текшерилип жаткан аял. Азамат Алымкуловдун сүрөтү.

– Аялдардын репродуктивдик, төрөй турган курагы 20 жаштан 40 жашка чейин. Кайрылгандардын 15% тукумсуздуктан жабыркайт. Жубайлар жыныстык ооруларды убагында дарылашпайт, бойдон алдыргандан кийин жакшы көңүл бурбай же маани бербей отуруп оору өтүшүп, курчуп кетет. Жатындын ар кандай оорулары пайда болот. Жыныстык органдары жабылып калат, ошол себептүү бойго бүтпөйт. Азыр эркектер арасында да тукумсуздук көбөйүп жатат.

Эркектер арасындагы тукумсуздук боюнча Улуттук госпиталдын урология жана андрология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Болотбек Рысбаев айтып берди.

– Чынында эле көбөйүп жатат. Мурда аялдардын тукумсуздугу 60-70%, эркектердики 25-35% түзсө, азыр бул көрсөткүч теңелип эле калды. Негизи бул көйгөй боюнча пропаганда болуш керек. Мамлекеттик деңгээлде маалымат бериш керек. Илгери эле аялдарга бул багытта кеп-кеңеш берилчү, эркектерге азыр да андайлар жок. Кичине балдардыкын карайбыз, чоңдорго көп деле көңүл бурулбайт. Бул социалдык проблема болуп жатат. Жыныстык жактан жуккан оорулар көп, бул дагы тукумсуздукка таасирин тийгизип жатат. Экинчиден, эркек балдардын кан тамырлары шишип кетет. Бул дагы бир себеби болуп жатат. Себепсиз деп коёт, жок жерден эле урук жоголуп кетет. Ушул көрүнүш да көбөйдү. Мындан сырткары тукуму көп, популяцияны көбөйткөн эркектердин көбү тиричилик жасайбыз деп ар кайсы өлкөдө жүрөт. Алар кандай шартта иштеп, жашап жатат, кандай тамак жейт? Ошонун баары эркектин системасына таасирин тийгизип жатпайбы.

“Азаттыктын” архиви: Түркиядагы жасалма уруктандыруу. 19-июль, 2016-жыл

 

 

Кыргызстанда жылына 150 миңдин тегерегинде ымыркай төрөлөт. 2016-жылдагы статистикалык маалымат боюнча 2600дөн ашуун наристе бир жашка жетпей чарчап калган. Ал эми өткөн жылы 49 эне төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки учурда каза болгон.

Ошол эле маалда жаш кыздардын арасында төрөп, баласынан баш тарткандар көбөйүүдө. Алардын дээрлик баарынын “сүйлөшкөн жигиттери” таштап кетишкен. Адистер муну тарбиянын жана жаштардын сексуалдык сабаты жоктугунан көрүшөт.

Үрөй учурган сандар

Биз жогоруда сөз кылган факт бала сатууга дарыгер аралашкан биринчи кылмыш иши эмес.

2014-жылы Бишкектеги №1 төрөтканадан жаңы төрөлгөн ымыркай сатылды деген маалымат чыгып, кылмышка шектүү делген врач-гинеколог камакка алынган. 2015-жылы ушул эле мекемеде жарыкка келген ымыркайды атасы акушерлер алмаштырып койду деп Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгандан кийин медициналык комиссия түзүлгөн.

2015-жылы Кочкор районунун 26 жаштагы тургуну беш айлык кызын бир койго соодалап жаткан жеринен кармалса, ошол жылы Таласта ажырашкан үй-бүлөнүн атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар тараган. Ысык-Көл облусунда дагы бир эне 3,5 жаштагы баласын караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго сатып жибергени маалым болгон.

Иллюстрация
Иллюстрация

 

Андан көп өтпөй Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылган. Келиндин айтышынча, күйөөсү эки жашар уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы асырап алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айткан.

2015-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын 50 миң сомго сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өткөнү айтылган. Бул жылы ошондой эле Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө төрт айлык ымыркайды 20 миң сомго сатып жаткан жеринен Өзгөн районунун тургуну, 46 жаштагы аял кармалган. Ага адам аткезчилиги боюнча берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

2016-жылы да өлкөдө ачыкка чыккан беш бала сатуу фактысы катталган. Январь айында Кара-Суу районунун тургуну никесиз төрөгөн перзентин туугандарынан жашыруу үчүн 15 миң сомго сатып жибергени аныкталган. Февралда Бишкек шаарындагы 26 жаштагы келин жаңы төрөлгөн кызын 20 миң сомго белгисиз бирөөлөргө сатып жиберсе, кийинчерээк өзгөндүк 46 жаштагы аял төрт айлык баланы 20 миң сомго соодалаган жеринен колго түшкөн.

2017-жылы Бишкек шаарында үч айлык баланы 10 миң сомго сатуу учурунда үч аял кармалган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иштер сотко өткөн. Бирок алар кандай жаза алганы тууралуу маалыматтар айтылган эмес.

Жакында эле Сокулук районунда үч баласын бейтааныш адамдарга 80 миң сомго сатып жиберген келин да кармалган. Мындан сырткары бул жылы Чүй облусунун Панфилов районунун төрөт үйүндө 40 жаштагы аял көз жарып, ооруканадан чыккандан кийин ымыркайын Чүй облусунун тургунуна 20 миң сомго сатып жибергени аныкталган.

Мыйзам боюнча “адам сатуу” беренеси боюнча кармалып, жасаган иши далилденсе, 8 жылдан 15 жылга чейин абакка кесилет.

Канымгул Элкеева
СЕНТЯБРЬ 17, 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*