Баткендеги майып балдардын 15 пайызы гана калыптандыруу борборуна бара алат (сүрөт)

Баткен шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 200гө жетсе, алардын 15% гана калыптандыруу борборуна бара алышат. Борбордо калган балдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок.

Баткен шаарындагы жалгыз «Нур» балдарды калыптандыруу борборунун жетекчиси Минавар Таштемированын айтымында, бул борбор болгону 20-30 баланы кабыл алат.

«Балдарды калыптандыруу борборунда 30га жакын мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланат. Алар 3 жаштан 18 жашка чейинкилер. Калыптандыруу борборунда бардык шарттар каралганы менен шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын баарын кабыл ала албайт. Анткени борбор Баткен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратынын бир четинде гана жайгашкан. Ал 20-30 балага гана ылайыкташкан» , – дейт ал.

Адистер белгилегендей, акыркы 5-6 жылга салыштырмалуу район аймагында аярлуу катмардагы балдардын саны өсүп жатканы байкалат.

«Сентябрь айында алынган маалымат боюнча райондо 448, ал эми шаарда 180 мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталган. Аларга мамлекет тарабынан 3000 сом жөлөк пул берилчү. Июнь айынан тарта 4000 сомго көбөйдү. Мындан сырткары айыл өмөттөр бюджетине жараша материалдык жардам көрсөтүшөт. Бирок аларды психологиялык, педагогикалык жактан тарбиялоого борборлор жетишсиз», – дейт Баткен райондук социалдык кепилдиктерди дайындоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Калыкбай Таштемиров.

Ал эми Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Кимсанованын айтымында, балдарды караган 500дөй ата-эне жумушсуз калып, үйгө байланат. Андыктан балдарды калыптандыруу базасын ачуу зарыл.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ата-энесине да жөлөк пул чыгаруу маселеси буга чейин көтөрүлүп, бирок күчүнө кирбей келет. Бул демилге ишке ашса жакшы болмок. Аталган “Нур” балдарды калыптандыруу борбору 2008-жылы бейөкмөт уюмдар тарабынан ачылып, 2010-жылдан бери шаардык мэриянын балансында иштеп келет. Жыл сайын ага шаардык бюджеттен 1 млн 300 миң сом бөлүнөт. Биз жаңы имарат үчүн Баткен шаарынан 12 сотых жер бердик. Бирок анын курулушу үчүн каражат берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жаштар марафон уюштуруп, кайрымдуулук концерттерди уюштурууга жардам берүүдөбүз», – дейт И.Кимсанова.

Turmush 

12.09.2018
http://www.turmush.kg/news:351904

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*