Жумабеков: 2019-жылдан тарта майып бала караган ата-энелерге жөлөк пул чегерилет

Жогорку Кеңештин токтомун өкмөт дагы колдоого алган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 2019-жылдан тарта майып баласын караган ата-энелерге 5000 сомго чейин жөлөк пул берилип баштай турганын Sputnik радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, аны өкмөт колдоого алган.

“Аны төлөө үчүн 400 миллион сом керектелет экен. Баланы карап жаткан ата-энелерге бир топ эле көмөк болот”, — деди Жумабеков.

Парламенттин спикери категорияга туура келген бардык кишилерге жөлөк пул берилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik
https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*