Ак-Талаада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-лагери жабылды (фото)

Ак-Талаа районунун Баетов айылында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ачылган жайкы мектеп-лагеринин жабылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Европа биримдигинин жана Густав Штреземан институтунун каржылоосу менен кичи коомдук кеңеш түзүлүп, аталган кеңеш тарабынан «Алтын муун-Наристе» бала бакчасынын бир бөлмөсүнө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жайкы мектеп-лагери ачылган эле.

«Мектептен жалпы 8 бала окуп билим алышты. Аларга бала бакчанын 2 тарбиячысы бир ай бекер билим беришти. Бир айда балдарды мектепке даярдоочу «Наристе» инклюзивдүү билим берүү программасынын алкагында сабак өтүлдү. Аябай эле жыйынтыгын берди. Балдар коомго аралашып сан, тамгаларды жазууну өздөштүрүштү. Атайын логопед мугалимдер жана имарат болбогондон кийин лагерь бир ай гана иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Ата-энелердин суранычы менен кудай буюрса бул ишти колго алып, мындан ары дагы улантууга аракет кылабыз. Андан сырткары, Баетов — Бишкек каттамындагы таксисттер балдарды бир ай лагерге бекер ташып беришти», – деди коомдук кеңештин төрайымы Нургүл Мамбетова.

Ал эми райадминистрация, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бекер иштеп берген 2 тарбиячыга, колдоо көсөткөн таксисттер жамаатына жана балдарга грамота, белек тапшырылды.

Turmush 

29.06.2018

http://www.turmush.kg/news:348194

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*