Майып балдардын жөлөк пулу көбөйөт. Акчанын топко карата бөлүштүрүлүшү

© AFP 2018 / JORGE BERNAL

2018-жылдын 1-июлунан тарта майыптардын жөлөк пулу 33 пайызга көбөйүшү күтүлүүдө.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин бул боюнча жобосу учурда өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлган.

Көбөйтүлгөн жөлөк пул бардык майыптарга жетеби? Кайсы топко канча акча каралган жана кандай документтер керек? Sputnik Кыргызстан агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери түшүндүрүп берди.

Майыптардын учурдагы жөлөк пулу канча?

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер 18 жашка чейинки балдар жана тубаса майып адамдар болуп эки топко бөлүнөт.

18 жашка чейинки майып балдар булар — шал, СПИД оорусу менен жабыркагандар жана ВИЧ-СПИДге чалдыккан аялдан төрөлгөн наристелер. Бардыгы учурда майыптыгы үчүн мамлекеттен 3000 сомдон жөлөк пул алат.Ал эми тубаса майып адамдар — төрөлгөндөн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Тубаса майыптар өз ичинен 1-2-3-топ болуп бөлүнөт.

Учурда 1-топтогу майып балдар ай сайын 3000 сомдон жөлөк пул алса, 2-топтогуларга 2500 сом, ал эми үчүнчү топтогуларга 2000 сомдон акча чыгат.

Жаңы жобонун өзгөчөлүгү эмнеде?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы жобосун өкмөт бекитип берсе, анда майыптардын жөлөк пулу 33 пайызга жогорулайт.

Башкача айтканда, 18 жашка чейинки майып балдар учурда 3000 сомдон алса, жаңы жобо боюнча аларга 4000 сом чыга баштайт.

Ал эми тубаса майыптардын 1-топтогулары 4000 сомдон, 2-топтогулары 3500 сомдон, ал эми 3-топтогу тубаса майыптар 2700 сомдон жөлөк пул алып калат.

Көбөйтүлгөн жөлөк пулду алуу үчүн кандай документтер керектелет?

Эч кандай документ керектелбейт. Мурун кандай алып жатса, үстүнө акча кошулуп чыга берет.

Кыргызстанда канча майып бар?

Бүгүнкү күндө өлкөдө 18 жашка чейинки майып балдардын саны 30 миңге чукул. Ал эми тубаса майыптардын саны 30 600дү түзөт.

Мамлекеттик бюджеттен канча каражат бөлүнүүдө?

Мамлекеттик жөлөк пул үчүн бюджеттен 2018-жылга 7 миллиард 950,2 миллион сом каралган.

Ал эми сунушталып жаткан жобону ишке ашырууга республикалык бюджеттен төлөп берүүгө кошумча 19,7 миллион сом керектелүүдө.

25.05.2018

https://sputnik.kg/society/20180525/1039345408/majyptardyn-zholok-pulu-kobojot.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*