1-топтогу майып эне: «БАСА АЛБАЙ КАЛГАНДА ТАШТАП КЕТКЕН КҮЙӨӨМДҮ ЖАНА УУЛУМДУ СОТКО БЕРДИМ»

«Жолдошум ооруп калса аны таштамак эмесмин. Бирок ал мени таштап кетти»,- деп жакын адамдарынан көңүлү калган Рахат аттуу каарман азыр бирөөнүн карамагысыз жашоосун уланта албайт. Күчкө толуп турган кезинде ала качып үйлөнгөн өмүрлүк жары болчу адам, эки баласынын атасы аны ооруп калганы үчүн таштап, артын салып кеткенин айтат. 52 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну Рахат Абдырахманова азыр эки буту жок жашоо өткөрүп жатат.

«КАЙНЕНЕМ «БАЛАМА БАШКА АЯЛ АЛЫП БЕРЕМ, ООРУКЧАНДЫН КЕРЕГИ ЖОК» ДЕДИ»
– Мен Кочкордо төрөлгөм. Эл катары эле жашадым. Окудум, иштедим, турмушка чыктым. Бишкектеги Финансы техникумун аяктагам. Нарында эсепчи болуп иштеп жүрүп, ошол жакка турмушка чыктым. 23 жашымда, мөлтүрөп турган кезимде ала качып кетишти. Жолдошум менен эки балалуу болдук. Биринчи уулумду төрөгөндөн кийин эле бутум ооруп баштаган. Врачтар муундарыма суук тийгендигин айтышты. Полиартрит, ревматоиддүү артрит деген диагноз коюшту. Мен кыштын кыраан чилдесинде, январь айында төрөдүм. Ошондо суук тийгизип алдым окшойт. Дарыгерлерге, табыптарга көрүндүм. Тилекке каршы, жакшы жакка жылыш болгон жок.
Ооруп калганда эле жолдошум таштап кеткен. Апасы келип «балама башка аял алып берем, оорукчандын кереги жок» деди. Тың кыз кезимде алып кетишип, минтип жардамга, колдоого муктаж болуп калган кезимде таштап, терс бурулуп кетишти. Мага мындай мамиле оор тийди. Моралдык жактан көп кыйналдым. Бирок колумдан эмне келет? Баарыбыздын башыбызга сыноо келет. Ошону көтөрө билиш керек. Күйөөм ооруп калса мен таштап кетмек эмесмин. Карабай кеткен жолдошума жана уулума аябай таарынам. Ажырашкандан кийин уулум атасында, кызым менде калган.

«ЭКИ БУТУМДУ ТЕҢ КЕСИП САЛЫШКАН»
– Минтип эч нерсеге жараксыз болуп калганда бир туугандарым жанымда болушту. Кыйын күндөрдө мага ошол адамдар гана күйдү. 5 бир тууганым бар. Өз үй-жайым жок болгондуктан, бир тууганымдын үйүндө жашадым. Канча аракет кылсам да оорудан айыга алган жокмун. Муундарым деформация болуп кетти. Аябай кыйналдым. Майда кан тамырларыма суук тийип, бутумда кан айланбай калган экен. Врачтар айыкпай турганын айтышты.
Эки жыл баса албай төшөктө жаттым. Бирок кыбырап дааратканага өзүм барып келчүмүн. Тура албай, отура албай, оодарыла албай калган күндөрүм болду. Түркүн күндөр башымдан өттү, оорудан тажадым. Бутумду таңдырганда ыйлачумун. Ошол таңдыруу процесси жүрөгүмө тийди. Бутумдун ооруганын басабы деп оору басуучу дарыларды ичем. Ал да такыр жардам бербей койду. Чыдабай түнү менен ыйлап чыкчумун. Врачтар «бутуңузду кеспесе болбойт, бир бутуңуз гангрена болуп баратыптыр. Бир бутуңузда 18 пайыз кан айлануу бар, экинчисинде такыр жок» дешти. Ооруга чыдабай, бутумду таңуудагы ооруну көтөрө албай калганда буттарымды кестирип салууну туура көрдүм. Айыкпагандан кийин башка эмне кылам? Башыма түшкөнү ошол экен. Операцияны да шыр жасашкан жок. «Кан басымы начар, каны аз, наркозду көтөрө албай калат» деп кан толтуруп, кан басымымды көтөргөндөн кийин жасашты. Операциянын чыгымдарын бир туугандарым көтөрүштү.
Ошентип 2 жылдан бери 2 бутум жок жашоо өткөрүп келем. Азыр бул абалыма да шүгүр кылам. Кестиргенге чейин «бутумду кестиргенче өлүп эле калсам экен» дечүмүн. Бирок ичер суум түгөнө элек, жашоом бүтө элек экен, башыма түшкөндү кабыл алып жашап жатам. 1-топтогу майыпмын. Азыр кесилген жери күн бүркөлгөндө, шамал болгондо сыздап ооруйт. Дары менен жашайм. Бирок дарылар да бир органга жакса, экинчисине жакпай кыйнайт. Аллергия кылат, бөйрөктөрүм, өтүм, ашказанымды оорутат. Кымбат дарыларга акчам жетпегендиктен азыр 200 сомдук дары алып ичип жатам. 24 саат ушул диванда жатам. Коляскам бар болгону менен, мени ага отургузганга эркек кишинин күчү керек, кызым көтөрүп сала албайт.

«СОТКО БЕРГЕНИМ ҮЧҮН БАЛАМ ТААРЫНЫП ЖАТАТ»
– Кайрымдуулук фонддорго кайрылдым. Жардам бергендер бар. Азыр Балыкчыда батирде турабыз. Батирдин ээси кайрымдуулук кылып бизди бекер жашатып жатат. Коммуналдык кызматтарга гана акча төлөйбүз. Учурда кызым жана 3 неберем менен чогуу турам. Кызым да балдары менен ажырашып келген. Балдарынын, менин жүгүм ушул кызга жүктөлгөн. Эртеден кечке биз менен алек. Баарыбыз менин 5 миң сом пенсияма жашайбыз. Кызымды иштетейин десем, бизди караганга киши жок. Бала багуучу же мени караганга кызматчы алсак аларга тапкан акчасынан көп төлөп калат экенбиз.
Жолдошум болсо өз үй-бүлөсү менен жашайт. Уулум да үйлөнгөн. 2 баласы бар. Ал мурда анда-санда келип абалымды сурап турчу. Бирок жардам берген жок. Өзүм ага эч нерсе бере албагандан кийин мен да кыйначу эмесмин. Бутумду кестиргенден кийин жок дегенде дарыланганга акча берип турушсун деп жолдошум менен уулумду сотко бергем. Сот баламды ай сайын 1000 сомдон алимент төлөп турсун деген чечим чыгарган. Соттон кийин балам мага такыр каттабай калды. «Өз балаңды сотко бересиң» деп таарынып жатат. Оорулуу адамдан баары качат экен да. Ага чейин деле катышып, каралашып кыйраткан эмес. Ошондуктан балама таарынам. Балам ошол алиментти да төлөбөй келет.

«ВАННАГА КӨТӨРҮП БАРЫШ ҮЧҮН ТААНЫШ КЫЗДАРДЫ ЧАКЫРАМ»
Рахат Абдырахманованын кызы Нурайым Өмүрова 29 жашта. Анын күнү 3 кызын жана оорукчан апасын кароо менен өтөт.
– Эртеден кечке чейин апам, балдарымдан колум бошобойт. Апамды эртең менен тургузуп, жуунтуп, чай берип, анан түшкү намазга даярдайм. Ошол отурган жеринде намаз окуйт. Апамды бир айда бир жуунтам. Жуунтуш оор, ваннага көтөрүп барыш керек. Ал үчүн тааныш эжелерди, кошуна кыздарды чакырам. Өзүм кичинемде таежемдин колунда чоңойдум. Мен эс тартканы эле апам таяк таянып жүрдү. Анан минтип буту жок калды. Өзүм окуган эмесмин. 21 жашымда эле турмушка чыккам. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз эки башка жолду тандап кеттик. Мен бактылуу үй-бүлөнү мындайча элестетем: камкор, мээримдүү күйөөм болуп, балдарым менен бактылуу жашасак жана биздин үйгө ден соолугу чың апам келип коноктоп кетип турса…

Перизат Музуратбекова

18-май -24-май, 2018-ж.
koom@super.kg

https://www.super.kg/article/show/44583

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*