Юридикалык жардам боюнча аймактарда семинарлар өтөт

2018-жылдын 10-16-апрелинде КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ): практикалык суроолор” темасында семинарлардын сериясын өткөрдү. Семинар Кыргыз Республикасындагы Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин Биргелешип башкаруупрограммасынын жана Финляндиянын Өкмөтү менен КР Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүүгө” долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү.

Семинарлар КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору Акжол Калбековдун, КР Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловдун катышуусунда, КР Юстиция министрлигинин жумушчу тобунун эксперттери жана Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы Адвокатура кеңешинин мүчөлөрү менен бирдикте өткөрүлдү. 200дөн ашык мамлекеттик нотариалдык конторалардын өкүлдөрү, адвокаттар, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын аймактык юстиция башкармалыктарынын кызматкерлери семинарларга активдүү катышты.

Катышуучулар КР Юстиция министрлигинин алдындагы Акысыз юридикалык жардам борборлорунун ишинин актуалдуу маселелерин, консультацияларды жана отчетторду берүү тартибин,ошондой элекеңири коомчулукка ушул борборлордун иши тууралуу маалымат берүүнүн зарылдыгын талкуулашты. Катышуучуларошондой элемамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасына катышуучу адвокаттарды тандоо критерийлери,ошондой элеквалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча практикалык колдонмо менен таанышып чыгышты. Семинардын ар бир катышуучусу ченемдик укуктук документтердин пакетин, плакаттарды жана Акысыз юридикалык жардам борборлору жөнүндө, КР Юстиция министрлигинин онлайн ресурсундагы укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн интерактивдүү картасы –www.legalmap.gov.kgжана КР Жогорку сотунунwww.sot.kgонлайн ресурсу тууралуу буклеттерди алышты.

Ушундай эле семинарлар КР Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлөт.

Биргелешип башкаруу программасы (ББП)жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөктөшөт.Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Кошумча маалымат алуу чүүн:Кадырова Аида, КР Юстиция министрлигинин басма сөз-катчысы

Моб. +996 555 355 800; Эл. дареги:press@minjust.gov.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*