Сүрөт – Төрага Дастан Жумабеков Нарын облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушту

19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусундагы саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушту.

ЧакырылгандарТөрага Дастанбек Жумабековгоөздөрү кабылган бир катар көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Алсак, жолугушууга келген бирикмелердин биринин жетекчиси Жаңыл Абдылдаевацеребралдык паралич дарты табылган балдардын (ДЦП) ата-энелери менен тыгыз иштешип жатканын белгилеп: “Ата-энелер балдарын карап, үйдө олтургандыктары үчүн иштешпейт. Ага ылайык алардын эмгек стажы жок жана карыганда эң төмөнкү көлөмдөгү пенсияга чыгышат. Биз оорулуу балдарды багып, аларды бутка тургузуу жана коомго аралаштыруу аракетин көрүп жаткан ата-энелердин эмгегин да стаж катары эсептөөнү дайыма суранып келебиз”, – деди.

Андан тышкары, ал саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын адаптациясы үчүн компьютерлер керек экендигин кошумчалады. Мындай техникалык жана материалдык муктаждыктар тууралуу жыйындын башка катышуучулары да кеп кылышты. Маселен, Шакен Жакыева мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жайкы каникулда Ысык-Көлгө алып баруу маселеси кыйынчылык туудуруп жатканына токтолуп, Төрага Дастанбек Жумабековдон эс алууга жолдомо алууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Ал эми дагы бир бирикме жетекчиси Чынаркүл Иманалиева кыш чыгаруучу жабдуу алууга жардам берүүнү суранып, көпчүлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштегиси келген менен алар алектенчү жумуш табылбай жатканын мисал кылды. “Ал эми кичи-цех ишке кирсе, ондогон адамдарды иш менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк” – дейт Чынаркүл Иманалиева.

Жолугушууга келген башка катышуучулар да жеке маселелери боюнча ар кандай суранычтарын билдиришти.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган бардык маселелерди өз көзөмөлүнө аларын убада кылып, бирикме жетекчилерине мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берип жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

“Нарын облусунда ушундай жигердүү айымдардын бар экени кубандырат. Өзүңөр колдоп, камкоордугуңарга алган жарандар үчүн түйшөлүп жатканыңарды түшүнөм. Сиздердин жарандык секторду өнүктүрүүдөгү салымыңар зор. Биз сиздер тараптан айтылган ар бир кайрылууну карап чыгып, оң жагына чечүүгө аракет көрүп жатабыз. Бирок, маселелердин кээ бирин ыкчам чечүүгө мүмкүн болсо, кээ бири убакытты талап кылууда” – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Майрамбек Каримов  
20-апрель 2018
http://www.nazarnews.kg/news/21643

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*