Кыздарды четке чыгарбоо демилгеси көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

“Түркияда кыргызстандык кыз киши колдуу болду” деген маалыматтан кийин Кыргызстанда кыздардын чет өлкөгө чыгышына каршы пикирлер айтыла баштады.

Чет өлкөдөгү кыздарыбыздын укугун канткенде сактай алабыз? Бул багытта Кыргызстандын саясаты кандай? Тыюу, чектөө менен алардын укугун коргой алабызбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна демилгечи топтун өкүлү Тилек Таалайбеков жана “Эл жана мыйзам” уюмунун жетекчиси Такен Молдакулов, Борбор Азиядагы Америка университетинин кафедра башчысы Элира Турдубаева, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова катышты.

“Азаттык”: Тилек, сиздер “кыздардын Түркияга, Орусияга чыгышына каршыбыз” деп айтып жатасыздар. Кыздардын укугун алардын өлкөдөн чыгышына чектөө киргизүү менен коргосо болот деп ишенесизби?

 

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Тилек Таалайбеков: Бул көптөн бери Кыргызстандын жарандарынын жүрөгүн өйүп келген маселе болуп турат. Көрүп, билип туруп биз буга кайдыгер карай алган жокпуз, жүрөгүбүз чыдаган жок. Жогору жактан деле күттүк, чыгаан агаларыбыз бар. Бирок көптөрү буга кайдыгер карагандай болуп жатат.

Чындыгында чет мамлекетте, Орусияда, Түркияда канча бир жаш кыздардын тагдыры талкаланып, кулчулукка кабылып жатат. Ушуну көрүп туруп унчукпай койгон туура эмес деп ойлойм. Мисалы, мен алты жыл Орусияда иштеп келдим. Ал жакта аялдарга караганда эркектер көбүрөөк, бирок ал жакта деле кор болгон кыздар көп. Азыр Түркияга көп кыздар кетип жатат. Кеткендердин 80-90 пайызы аялдар.

“Чет өлкөгө чыгарбаса укугу бузулбай калат” дегенге ишенебиз. Бул нерселер Жараткандын китебинде да бар. Аялзаты үйдө болгондо нур болот, тамак-аш да болот, ал жок болсо үйдүн кунары кетип калгандай эле Кыргызстандан алар чыгып кетип, эркектер калса ошондой эле болот.

“Азаттык”: Азыр кыргызстандык ондогон кыз-келиндер ар кайсы өлкөдө, ошол эле Түркияда, Орусияда билим алып, ийгиликтүү иштеп келатышат. Кыздардын чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу демилгеси алардын укуктарын коргоого жатабы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Элира Турдубаева: Албетте, бул кыздардын, жалпы эле аялдардын укугун бузат. Бул Конституцияда да жазылган. Ошондой эле БУУнун универсалдык Адам укуктары тууралуу декларациясында бардык адамдар бир өлкөнүн ичинде жана чек арадан чыгып, кайтып келгенге, эркин кыймылдаганга укугу бар экени жазылган. Аны расасына, жынысына, көзүнүн түсүнө карап бөлгөн болбойт. Бул адам туулганда эле алган укугу. Ошондуктан бул одоно мыйзам бузууга жатат.

Азыр демилгечи топ “бөрк ал” десе баш алгандай болуп жатат. Кыздар эмнеге кетип жатат? Үй-бүлөлүк маселеден улам, жакшы акча таап же билим алып, тажрыйба алып келиш үчүн чыгып жатышат. Экономикалык жагдайларга да байланыштуу. Мисалы, азыр Өзбекстанда, Иранда, Сауд Арабиясында ушундай чектөөлөр бар. Күйөөсүнүн уруксаты керек же башы бош аялдар жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек. Азыр биз XVI кылымга кайтып бараткандай болуп жатабыз. Бир-эки учурду мисалы кылып эле баарына чектөө кылган болбойт. Азыр заман, талап башка.

 

“Азаттык”: Мындай чектөө, тыюу салуу менен артка кадам таштап жаткан жокпузбу? Ошол жердеги коргоо, мекендештерге юридикалык, укуктук жардам берүү саясатын күчөтсө кандай болот?

Такен Молдакулов: Бул маселенин бышып жетилгенине көп болду. Биздин эл башкаргандар көңүл бөлбөдү. Ошол кыздарыбыз четке чыкпай калгандыктан эле экономикабыз көтөрүлбөсө – көтөрүлбөй эле койсун. Муну Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан сыяктуу мыйзамдаштырсак болот. Мисалы, Тажикстан кыздардын кыска юбка кийип жүрүшүнө тыюу салды. Биз кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек. Мен муну артка кадам таштоо деп айтпайт элем. Юрист катары айтсам, биздин кыздарды башка улуттун өкүлдөрү кул катары колдонуп жүргөн учурлар бар.

“Азаттык”: 25 жашка чыга элек кыздарды четке чыгарбоо маселеси буга чейин да көтөрүлгөн эле. Кыздардын укуктары чет өлкөдө эле эмес, Кыргызстанда да бузулуп жатат. Бул демилге маселени чече алабы?

Бүбүсара Рыскулова: Мен намысы ойгонгон, мекенчил балдарды жалпысынан колдойм. Бирок кээ бир нерсеге макул эмесмин. 20 жылдан ашуун убактан бери “Эмне кылыш керек?” деп намысы ойгонуп жатыптыр. Аларды бизге жардам берүүгө чакырам. Кыргызстанда эмне болуп жатканын, эмнеге кетип жатканын сүйлөшөлү. Ошол эле кыргыздар кордоп жатат, беш баласы болсо да Орусияга кетип, ал жактан башка менен баш кошуп жаткан эркектер бар.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Унчукпай турганга болбой калды. Жашы жете элек кыздарды чектеш керек, ата-энеси каякка жиберип жатат? “Бирөөнүн баласын бак, тияк-бияк” деген туура эмес. Беш көкүл кыз кылып төргө отургузуп койгонго да шарт жок. Окууга чыгарганга, билим алганга чектөө киргизген туура эмес.

Бизде мыйзам да бар. Бул кыздар каякка, эмне максатта чыгып жатканына байланыштуу болуш керек. Азыр эркектер да зомбулукка кабылып атат, кыздар өз атасынан зордук көрүп жатат. Тыюу салып, ушуну эле көрүп калбай, кумарпоздукка, аракеч болуп кеткендерге көңүл бургула, ыйманга чакыргыла. Бул маселелер бир гана кыздарга байланыштуу эмес.

Канымгүл Элкеева
21-апрель, 2018
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_kyrgyz_women_rights/29180493.html

1 Trackback / Pingback

  1. Активисты предлагают запретить девушкам выезжать за границу — Доступ к правосудию

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*