“Менин күйөөм кытай…”

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай жарандарына турмушка чыккан кыргызстандык кыздар күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып, кризистик борборлорго кайрылышты. Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Мунун алдында Кытай жарандарына турмушка чыккандардын саны 30 миңден ашканы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин турмуш куруу үчүн Пакистанга, Кореяга кеткен айрым кыргызстандык кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатканы айтылып келген.

“Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыз-келиндердин укугуна арналды.

Жолдо калтырган баёолук

Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн кытай жарандары, алардын ичинде кыргызстандык кыздарга баш кошкондору деле өздөрүнүн жеке турмушу тууралуу ачылып айтып берүүнү каалашпайт.

“Кытайга турмушка чыккандар көбөйдү” деп эл арасында айтыла жүргөн кептердин чын-төгүнүн бул өлкөдөн ташылып келген товарлар сатылуучу базарлардан жана дүкөндөрдөн сураштырып көрдүм.

Нике келишим – бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Төрт-беш жылдан бери котормочу болуп иштеген Сабина кытай жарандарына турмушка чыккан курбулары көп экенин, бирок далайынын турмушу алар ойлогондой болбой калганын айтып берди.

– Менин кытайларга турмушка чыккан курбуларым бар. Башында көбү акчасына карап тийсе керек. Бирок анчалык деле укмуш жашап кетишпеди. Кытайга тийген дос кызымдын машинасы, үйү жок. Жакында эле баласы менен ажырашып кетти. Атасыз өскөн кыз болчу, апасы да оорукчан. Балким ошон үчүн “турмушка чыксам акчам болот, жашоом оңолот” деп ойлосо керек. Азыр эми өкүнсө керек, экөө эки башка жашайт, баласына 3 миң сом алимент берет. Ал түгүл күйөөсү ошол келиндин апасына чейин кол көтөрдү окшойт.

Сабина 9-класстан тартып кытай тилин үйрөнүп, жогорку окуу жайды бүтүрүп, эки жыл Кытайда окуп келгенин айтты. Ал бактылуу, бакубат жашоо убада кылып колун сураган кытай жигиттери болгонун, бирок жүрөгүнүн тандоосу башка экенин да кошумчалады.

Бишкектеги ири базарларда кытайлар менен жанаша соода кылгандар менен баарлашканымда буларды айтышты:

– Көбү жашыруун жашап жатат. Мисалы, бул жерде отурган кытай биздин кызга үйлөнүп, кыздуу болгон. Экинчиси уул экенин билгенде Кытайга алып кеткен. Ошол жактан төрөгөндө уулун алып калып, кызы менен таштап кетти. Азыр келин эч нерсеси жок калды, жатаканада жашайт. Уулу болсо тигил жакта калды. Күйөөсү дагы бирөөгө үйлөнүп алды. Кытайга турмушка чыккан өзбек кыздар да, кыргыздар да көп, – деди дагы бир сатуучу Мээрим.

“Эртең менен чыгып кетип, ошону менен жоголду”

Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова Кытай жарандарына турмушка чыккан алты келин 2017-жылы күйөөсүнөн кордук көргөнүн, укуктары бузулуп, соңунда ара жолдо калганын айтып чыккан.

Асылбекованын айтымында, Кытайдан келген айрым эркектер жарандык алуу максатында гана жергиликтүү кыз-келиндерге үйлөнгөн учурлар болгон.

– Кыргызстанда никенин негизинде чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын берүүнүн шартын татаалдаштырыш керек. Кытайдан келген айрым эркектер кыргызстандык кыз-келиндерди сүйбөй эле, жарандык алуу максатында үйлөнүп жаткан фактылар бар. Убактылуу башпаанек кылып, эртең менен узатып, кечинде келсе тосуп алып, ысык тамагын берген аял менен жылуу-жумшак жашап турууну көздөгөнү көрүнүп турат. Кыздар “материалдык жактан камсыз кылат” дешкен. Ал кыз-келиндердин көпчүлүгү турмуш шарты оор болуп, кытай соодагерлердин кол астында иштегенин айтышат. Үйлөнөрдүн алдында көп нерсеге убада берген, бирок анын бирин да аткарган эмес. Эми кыргыз келиндер: “Балдарыбыз менен калдык, алардан бир нерсе өндүрө алабызбы?” деген маселени козгоп жатышат.

Биз бул суроо менен кытай жарандарына кайрылганда биз менен сүйлөшүүнү каалашкан жок.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кризистик борборго кайрылган келиндердин көбү күйөөсү ойдогудай чыкпаганын айтышкан. Алардын алды беш, арты эки жыл чогуу түтүн булатып жашаган экен.

– Күйөөлөрү “эртең келем” деген бойдон жок болуп кетишкен, – деди Асылбекова.

Кризистик борборго кайрылгандардын баары милицияга арыз жазууга дааган эмес. Алардын айрымдары кытайга турмушка чыкканын туугандары билбесин жана нике күбөлүгүн күйөөсү алып кеткенин айтышкан. Кытайдагы дарегине кат жазып, жооп алышпаган.

Унутта калган укуктар

Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстанда 30 миңдей кыз-келин Кытай жарандары менен баш кошконун жазган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, Мамкаттоо 2000-жылдан берки кырдаалды изилдеп чыккан.

– Кыргызстанда Кытай жарандары менен никеге турган 195 факты катталды. Кытай дегендин жарымы ал жакта жашаган кыргыздар болуп чыкты. Ошондуктан 30 миң деген апыртылган сан.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда иштеш үчүн чет өлкөлүк 14 490 адамга квота бөлүнгөн. Анын 70 пайызы – жалпысынан 11 миңден ашыгы – Кытайдын жарандарына берилген.

Учурда Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдиктердин көбү Кытайдын жарандары. Бул жагдайды да кыргызстандык кыздар кытайлыктарга турмушка чыгып жатышканына бир себеп катары карагандар кездешет.

Укук коргоочулар ар бир адамдын үй-бүлө курууда, каалаган мамлекеттин жараны менен түтүн булатууга укугу бар экенин белгилешет. Ошол эле учурда укукту мамлекет коргошу үчүн мыйзамды так аткаруу керектигин айтышат.

Мисалы, мыйзамдуу нике күбөлүгү жок же жарандык никеде жашаган кыргызстандыктардын укугун коргоо кыйын экенин Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева белгилеп жатат.

– Кыздар кимге чыгат – ал өз эрки. Ар бир кыргызстандык жарандын укугун коргоо Баш мыйзамда так жазылган. Менимче, бул кыздар 18 жашка толуп турмушка чыккандан кийин расмий никеге турган эмес. Жөн эле чогуу жашагандары бар. Бирок күйөөсү Кытай жараны болобу, башка болобу, уруп-соксо милицияга арызданышы керек, бул башка берене менен каралат. Эгер мамлекет укуктарды коргош керек десе, анда мамлекеттеги бардык мыйзамдарды да сакташыбыз керек. Мыйзамды бузгандар мыйзамга жараша жоопко тартылат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналист жана кыз-келиндердин укуктарын коргоо боюнча бир катар иш-чараларга катышып жүргөн активист Гүлзада Шаршеналиева Кыргызстанда бийлик өз кыздарынын укуктарын коргой албай жатканы үчүн ушундай учурлар болуп жатканын айтты:

– Бизде намыс, менталитет деген бар. Ошондуктан бизде мыйзамдуулук базасын бекемдеп, ошондон кийин гана кыз-келиндерге укуктарын түшүндүрүп берип, “ал жаран укугуңду бузса, мындай жоопко тартылат” дегендей түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. “Кытай жаранына турмушка чыксаң эле май көл, сүт көл болуп кетпейт, ушундай нерселер да болот” деп туура маалымат бере баштасак, бара-бара укуктары бузулган кыз-келиндер азайса керек. Мыйзамдык базаны бекемдеп, кыргыз кызынын укугун тебелеген жаранды мыйзам чегинде жазаласак гана бул көрүнүш азаят. Анткени азыр көбү мыйзам, мамлекет, адам алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезбей жатпайбы. Ошон үчүн ушундай көрүнүштөр болууда. Анткени алар биз аялдарыбыздын укугун коргой албай турганыбызды билет.

Анткен менен чет элдиктерге турмушка чыккандардын баары эле укуктары бузулуп жатат деп айтууга болбойт.

Таластык Нуржамал үч жылдан бери кытай жолдошу менен бактылуу турмуш кечирип жатканын айтты. Келин отуздан өткөндө экинчи ирет турмуш курууга акча эмес, ортодогу жылуу мамиле себепкер болгонун белгиледи.

– Үч жыл ичинде кордук көрсөтүп, кемсинткен жок, сыйлап, көзүмдү карап турат. Мындан эч жамандык көргөн жокмун. Ошондуктан ушунча тийгенден кийин өмүрүмдүн калган бөлүгүн аны менен жашайын деген жакшы ниетим бар. Ал да ушундай ойдо. Ал бай деле эмес, карапайым, жакшы адам. Мени аны жакшы көрөм, сыйлайм.

Буга чейин Пакистан, Корея, айрым учурда Түркияга кетип, ошол жактын жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыз-келиндеринин укуктары бузулуп жатканы айтылып келген.

Билим берүү, агартуу жаатындагы адис Догдургүл КендирбаеваКыргызстан ачык өлкөлөрдүн катарына кирип, бир катар өлкөлөргө визасыз барууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен мунун терс жактары да бар экенин белгилеп жатат. Ал кайсы өлкөдө болбосун жарандардын укугун коргой турган саясаттын жоктугу да ушундай көрүнүштөргө себеп болгонун айтууда.

Экинчиден, ал кыздарды тез акча табууга эмес, билим алууга, башка өлкөлөрдүн маданиятын, каада-салтын, жада калса мыйзамдарын окутуп, агартуу иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

– Кыздардын айылынан сыртка чыкпаганы, тыштын тарбиясын көрбөгөнү, эмоция, тоскоолдуктарды башкара албаганы себеп болуп жатат. Ал өлкөнүн мыйзамын, абалын билбей, билим албай барып жатышат. Экинчи чоң маселе – экономикалык муктаждык. Өндүрүш жок, жумуш орундары жетишсиз. Анын үстүнө аялдардын эмгеги таптакыр бааланбай калган мезгил. Алар деле эркектердей үй-бүлөнү багууга каражат табууну көксөп кетип жатышат. Корея, Кытай десе жашоону жомоктогудай элестетет. Бирок чындыгында ар бир өлкөнүн, элдин бизге жакпаган менталитети, каада-салты, мыйзамы бар. Сен бир заматта эле башка өлкөнүн жараны боло албайсың, ал өлкөнүн укуктук коргоо жана мүмкүнчүлүктөрү баарына тең таратылбайт.

Жашоо жомок же кино эмес

Кендирбаева кыздар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи. ​

– Бизге четтен көбүнчө кара жумушта иштегендер келет да. Ошону биздин кыздар талдай албай жатпайбы. Кайсы улут болбосун билимдүү инсандын жоопкерчилиги да жогору болот. Бизге кимдер келип жатат? Соодагерлер, жол салган жумушчулар… Албетте буларда жоопкерчилик да чектелүү. Белгилүү бир убакыт жашайт, анан басып кете берет. Аны эч нерсе кармабайт, кызыктырбайт. Албетте сүйүү, сый-урмат керек. Бирок канчалык деңгээлде мыйзам тарабынан коопсуздугу кепилдикке алынат? Муну дагы биле жүрүшү керек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, чет жакка турмушка чыккан кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү орусиялыктар менен никеге турган. Андан кийинки орунда Түштүк Кореянын, Өзбекстандын, Түркиянын жарандары менен кол кармашкандар турат. Казакстандын, АКШнын, Тажикстандын, Германиянын жана Кытайдын жарандарына турмушка чыккандар да бар.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы 1141 кыргызстандык кыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыкканын кабарлады. Ошол эле кезде 1394 кыргызстандык жигит чет элдик кыздарга үйлөнүп, Кыргызстанда никесин каттатканы кабарланды.

Кыргызстандыктар коңшу мамлекеттерден тартып, Жапония, Филиппин, Йордания, Сингапур, Греция, Марокко, Мексика, Хорватия, Латвия, Шри-Ланка, Швеция, Австрия өңдүү 54 мамлекеттин жарандары менен бирге түтүн булатууну чечкен.

Мамкаттоонун басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, жылына 2 миңдин тегерегинде мамлекет аралык нике катталат.

Канымгүл Элкеева
16-апрель, 2018
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_china_society_wedding/29160514.html

1 Trackback / Pingback

  1. «Замужем за гражданином Китая…» — Доступ к правосудию

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*