Бүгүн, 12-апрелде Ноокат районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 22 адамга майып арабалар тапшырылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, майып арабалар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилди. Араба алгандардын арасында 2 жаш бала бар. Майып арабаларды райондун акиминин орун басары Н.Козуев менен Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Равшан Мурзаев тапшырды.
Turmush
12.04.2018
Leave a Reply