Лахол айылында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту чагылдырган жашоо сүртүмдөр көрсөтүлдү (фото)

Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнүн Лахол айылынын Кылыч Рысмендиев атындагы орто мектебинде окуучулар тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту чагылдырган жашоо сүртүмдөр көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага аталган айылдын аксакалдар кеңеши, социалдык кызматкерлер, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн адистери жана мектеп окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышты. Аларга сценкалар коюлуп, зордук-зомбулукка кабылган балдардын жана ата-энелердин милдеттери терең иликтенип, анын жүрүшүндө «Балалык бактылуу болууга тийиш» аталыштагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана суицид фактыларын алдын алуу максатында уюшулган иш-чараларга активдүү катышкан окуучуларга райондук ички иштер бөлүмүнүн мактоо баракчалары ыйгарылды.

Turmush 

13.04.2018

http://www.turmush.kg/news:343714/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*