Тагдыр: Майып жубайлар Замир менен Таалайгүл батир алуу үчүн аракет кылышууда (фото)

Бишкек шаарында тиричилик кылып жатышкан майып жубайлар — 30 жаштагы Замир Исаев менен 25 жаштагы Таалайгүл Ашыранбек кызы батирге муктаж.
Замир Исаев: Биринчи жолукканда эле жубайымдын бышык мүнөзүн, чечкиндүүлүгүн байкадым. Абдан ыймандуу, боорукер, эң башкысы тилимди угат (күлүп). Мен үй-бүлөдө 4 уулдун экинчисимин. Менден улуу агам дагы майыптар арабасында отурат. Батир алуу үчүн 10 жыл мурун социалдык камсыздандырууга арыз таштап, кезекке тургам. Ошол батирди бүгүнкүгө чейин күтүп келем. Агам экөөбүз бир бөлмөдө оператор болуп иштейбиз. Кичүү инилерибиз студенттер. Агам үйлөнсө, инилерибиз үйлөнсө көп үй-бүлө бир үйгө батпай калабыз деген коркунуч бар. Жубайым экөөбүз үй алсак эле өзүбүздү камсыздандырып жашагыбыз келет. Жубайым үйдө кыз-келиндер үчүн тырмак жасайт. Мен бош убагымда каралашып жардам берем. Инстаграм баракчабызда 10 миңден ашык катталуучубуз бар. Бактылуу учурларыбызды бөлүшүп турабыз. Жаңы жылдын алдында өзүбүздүн кыялыбызды айтып, Аяз атага кат жаздык.

Таалайгүл айым: Мен өзүм Кочкор районунун кызымын. Жолдошум экөөбүз 2002-жылы Бишкек шаарындагы «Үмүт» реабилитациялык борборунда окуп жүргөндө таанышканбыз. 10 жылдан кийин — 2012-жылы социалдык тармак аркылуу табышып калдык. Ал учурда «Мail.Ru Агент» мода эле. Логинимди курбу кызымдан алган экен. Экөөбүз 3 жыл сүйлөштүк. Баш кошуу чечимин жолдошум сунуштады.

Ал абдан боорукер, камкор, менин кызыгуумду сыйлап, жардам берет. Биринчи сүйлөшкөнүмдө азыр дагы ушундай балдар барбы деп кубангам. 2016-жылдын 22-сентябрь күнү үйлөндүк. Тойго 250 адам катышты. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. Өзүм маникюр боюнча чебермин. Үйдө тырмак жасайм, өзүмдүн кардарларым бар.

Turmush 

23.01.2018

http://www.turmush.kg/news:338965

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*