Нарын шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 66 бала камкордукка алынган. Бул тууралуу Нарын шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Султаналиева билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы соттун чечими менен 10 бала асырап алууга, ал эми дагы 61 бала соттун чечими менен камкордукка берилген.
«Бул балдарды биз 3 жыл бою көзөмөлгө алып турабыз. Эгерде багууда көйгөй жаралса, анда кайра соттун чечими менен кайтарылып алынат. Ошондой эле соттун чечими менен психикалык жактан аракетке жөндөмсүз деп табылган 66 бала камкордукка алынган. Булар өмүр бою камкордукка алынып, багуучусу жок болуп калган учурда атайын интернатка жайгаштырылат», – деди ал.
Turmush
25.01.2018
Leave a Reply